Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Акыл жаштан...


Кыргызстандык Акжол Абдухалиев азыр Microsoft корпорациясында иштейт.
Кыргызстандык Акжол Абдухалиев азыр Microsoft корпорациясында иштейт.

6-майдагы кыргыз гезиттерине баяндама.

“Фабула” гезитинин бүгүнкү санына журналист Эрнис Балбаковдун кыргызга үлгү боло турган бир сонун макаласы жарык көрдү. Автор канча жылдан бери калк ишеним арткан бийликти кадр калпыстыгы жек көргөзүп, далайлардын көңүлүн кайт кылып, үмүттү өчүрүп келатканына кенен токтолуп, тилекке каршы жаштар деген менен жаштардын арасында деле эскилердин эссиз жолун туураган чийкилери, чимкиригин тарталбай жатып элге акыл айткандары, жанталашып бийликке умтулгандары иренжитип жатканына кейип, анткен менен бүгүнкү күндө атагы таш жарган эл аралык компанияларда кыргызстандыктар жок эместигин белгилеп, ошондой үч жигит жөнүндө кеп кылды.

“Булардын бири Медер Кыдыралиев, Бишкектеги №20 мектепти бүтүп, АКШга барып бир жыл окуп келген. Америка университетин аяктап Сингапурдагы аудитордук компанияда иштеген. Азыр Швейцариянын Цюрих шаарында “Гугл” издөө программасынын маалыматтык коопсуздугу боюнча инженер болуп эмгектенет. Атаңгөрү, дүйнөнүн мен деген техникалык программасынын “акесин тааныткан” бул жигит өзүнүн Кыргызстаны үчүн иштегенде кандай гана пайда келтирер эле?” деп жазат автор.

Экинчи жигитибиз Акжол Абдухалиев, 1985-жылы алыскы Баткендин Исфанасында туулган. Анкарадагы техникалык университеттин компьютердик факультетин эң мыкты бүтүргөн соң Канаданын атактуу IВМ компаниясына ишке орношуп, ошондон бери миллиардер Билл Гейтстин компаниясында ийгиликтүү эмгектенүүдө.

Үчүнчү жигитибиз - Эсен Тилекматов ушул жылдын март айында Африка Республикасындагы алмаз казуучу эң ири компаниянын директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланды. 30 жаштан жаңы эле өткөн Эсен Баткендин Кадамжайынан болот. 90-жылга чейин Кыргызстанда жашап, атасы учкуч болгондуктан Африканын Зимбабвесине көчүп кеткен. Атактуу Оксфорд университетин аяктаган. Эсен кантип алмаз өндүрүүчү компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы болуп калганын “Фабула” гезитинин бүгүнкү санынан окуп алсаңыздар болот.

Журналист Эрнис Балбаков бул макаласын аяктап баратып кыргыздын мыкты жигиттери ушинтип дүйнөлүк ири компанияларда иштеп жатканын, ушундай акылы, билими толук, бийлик менен байлык деген дарттан алыс мыкты жаштарды пайдалануунун ордуна жалгыз көздүү жаргылчактын асты-үстүнкү ташына окшоп, 20 жылдан бери бийликте “баягылар” эле айланып келатканын, келаткан менен жарыган майнап чыкпаганын, андан көрө алар ушундай азаматтарга орун бошотуп берсе гана оңолорубузду баяндады.

Гезит мындан ары “Эмикинин элитасы” деген рубриканын алдында ушундай кыз-уландарды сүрөөнгө алып, калайык-калкка тааныштырып турууну максат кылганын маалымдады.

“Алиби” гезити мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун чек ара маселеси боюнча маегин тартуулады.

Ушул эле санга депутат Туратбек Мадылбековдун да интервьюсу жарык көрдү.

Электр энергиясына баа кымбаттайт дегенге токтолгон депутат бааны 20 тыйынга кымбаттатса болмогун, эгер Артыкбаев айткандай 2-3 эсе кымбаттай турган болсо бизнесмендерден тартып карапайым калктын чөнтөгүнө чейин катуу сокку болорун, ошондуктан энергияны 70 тыйындан алып, 1 сом 50 тыйындан сатып өз капчыгын калыңдатып келаткан ортомчу фирмаларды жок кылмайын оңолбой тургандыгыбызды айтты.

“Алибинин” бүгүнкү санына Кыргызстандын акыйкатчысынын Талас облусу боюнча ыйгарым өкүлү Арзыкан Момунтаева өлкө акыйкатчысы Бакыт Аманбаев өзү акыйкатсыз иштерди жасап жатканын, жазган пландарын “эмне үчүн кыргызча жазасыңар?” деп акыйкатчынын аппарат башчысы Гуля Рыскулова дегени ары-бери ыргытканын, ушинтип кылдан кыйкым таап олтуруп, акыры “сөгүшүн” бергенин, анысын да орусча жазып жөнөткөнүн, анан жедеп жаны кашайганда Аманбаевди Биринчи май райондук сотуна бергенин айтып берди. Буга улай эле акыйкатчы Бакыт Аманбаев “Жаңыча иштей албаган кызматкер чыныгы жүзүн өзү ашкерелөөдө” деген ат менен жооп берип, Арзыкан Момунтаеваны кызматтан кетирбегенин, келечекте жакшы иштесе сөгүшүн кайра алып койсо болорун, эми баарын алдыда боло турган сот чечерин билдирди.

“Алибинин” бул санына журналист Мелис Айдаркуловдун асыл адамдарыбыздын бири Дооронбек Садырбаев тууралуу эскерүүсү жарыяланды.

Философия илимдеринин кандидаты, Манас таануу институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Революциябы же төңкөрүшпү?” деген макаласы окурмандарга тартууланды.

Наргиза Козубаеванын макаласы “Паспортсуз ата-энелер, метрикасыз балдар” деген аталыш менен басылып чыкты.
XS
SM
MD
LG