Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Кайда барба, Мамайдын көрү


“Фабула” гезитиндеги Алмаз Темирбек уулунун жанды ачыткан макаласы кыргыз бийлигинин алсыздыгына арналды.

“Кытай-Кыргызстандын жакын жана ишенимдүү кошунасы”. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытай жетекчиси Си Цзинпиндин Шанхайдагы жолугушуусун баяндаган мына ушундай аталыштагы макала аркылуу бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити мамлекет башчылары “Датка-Кемин” ЛЭП, Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобил жолунун, Кыргызстандын түштүгү аркылуу транзиттик газ түтүгүнүн, Бишкек ТЭЦинин курулушу сыяктуу биргелешкен стратегиялык долбоорлордун ишке ашырылып жатышын белгилөө менен башка тармактарда да кызматташуу мындан ары тереңдей берерин билдиргенин кенен баяндады.

Буга дейре журналисттер эркиндигибиз ооздукталабы деп чуу түшүп аткан жаңы мыйзамга президент кол койгонун, эми жаңы мыйзамда АКШ, Германия, Бельгия, Австрия, Улуу Британия, Дания, Испания, Литва, Латвия, Норвегия, Польша, Швеция жана башка мамлекеттер сыяктуу эле кылмыш жасалгандыгы жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын, эми мындан ары адамга атайылап жалган жалаа жапкандар жазага тартыларын кабарлады.

“Алиби” гезити Канышай Мамыркулованын “Кыргыз бийлигинин өңү Кончитанын өңүндөйбү?” деген макаласы менен жаңы санын тартуулап, Атамбаев президенттикке келген менен өзгөрүү жоктугун, кыргыз бийлиги ушунчалык алсыз, намыссыз болуп атканын, бийлик башындагылар элдин келечегин ойлобой эле бийлигин сактап калуунун амалында жүргөнүн белгилөө менен Кыргыз мамлекетин: “Өлкө жакыр, калктын күч бере турган бөлүгү сыртта, чек ара чечилбейт, бийлик мажирөө, карыз кокодон, же эркек эмес же аял эмес, сакалы саксайган Кончитага окшош кыргыз бийлиги же элин жыргатпай же өзүнүн чекесин жылытпай калды” деп мүнөздөдү.

Кыргыз президентинин Кытай менен мамилени чыңдай баштаганын талдоого алган саясат иликтөөчү Бакыт Бакетаев бүгүнкү күндө Европа менен АКШ Орусияны банкрот кылуу үчүн чоң санкцияларды киргизип жатканын, керек болсо булар Орусиянын бардык товарларынан баш тартышы мүмкүндүгүн, кокус ушундай болуп калса Орусия биздин экономиканы көтөргөнгө шаасы келбей калышы аныктыгын, андыктан президент Кытай менен мамилени чыңдоого аргасыздан барып жатканын айтты.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Заманды “бөрү” кылган өзүбүз” деген макаласын жарыялады. Анда заманды да, адамды да өзүбүз бузуп келатканыбыз жөнүндө кеп болот.

Эл жазуучусу Казат Акматовдун маеги “Эл Куловго кыжырданып, Талиеваны шылдыңдап жатат...” деп аталып, Талиеваны министрликке алып келгени Куловдун маданиятка жасаган чыккынчылыгы болуп саналарын, маданияттын бир күнкү өлүмү миң күнгө барабар экенин кеп кылды.

Алмаз Темирбек уулунун “Фабуладагы” макаласы “Шордуулар кыргыздын кутун учуруп бүтүштү” деп аталып, Акаев менен Бакиев эл-журтка батпай кутулуп кетсе, азыркы президентти кандай тагдыр күтүп турганы туңгуюк экенин, сууну сатып жатат деп шылтай салган Максим жоктугуна карабай эле Токтогул ГЭСиндеги суу күн санап соолуп баратканын, свет жетпесе өзү суткасына 14-15 саатка чейин свет өчүрүп жатып кыштан араң чыккан Тажикстандан свет апкелебиз деп элдин башын биздин жетекчилер эмитен эле айланта баштаганын, “Газпром” “ташпром” болуп тоңуп турганын, өкмөт учурда “Манас” аэропорту баштаган Ош, Баткен, Кербен, Тамчы аэропортторун сатуу үчүн инвестор издеп жүргөнүн, коррупцияга каршы күрөш жалгыз эле Акматбек Келдибековду камаш үчүн жарыялангандай болуп дымыганын, кыскасы, Өмүрбек Текебаев айткандай, “Мамлекет башчысы алсыз болсо аялы башкарат, аялы алсыз болсо шоопуру башкарат” деген өңдүү мамлекетти шордуулар башкарып турганда кыргыздын эли менен жери таланды боло берерин, Акаевди таштап Бакиевге, аны таштап Атамбаевге келген элге дагы эле Мамайдын көрү элестеп турганын жаны кашайып жазды.

Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиевдин сандан санга уланчу макаласы “Токтогулду билген барбы?” деген ат менен ал кездеги “Кыргызстан маданияты” гезитине мындан 25 жыл мурда жарык көргөнүн, бирок макала бүгүн да актуалдуулугун жогото электигин эске салган “Фабула” Эл жазуучусунун бул баянын улуу Токтогулдун 150 жылдыгына карата кайрадан окурмандарга тартуулап туура кылган. Чынында эле азыр Токтогул Сатылгановду билгендерге караганда биле электерибиз толтура.

Ушул эле гезит кинорежиссер Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк” “Ак илбирс” деп аталган киносыйлыктын 14 номинациясынын жетөөнү жеңип алганын, башка көркөм тасмалар да сыйланганын, мыкты оператор деп Акжол Бекболотов, мыкты сүрөтчү деп Руслан Токочев аталганын, “Ак илбирс” сыйлыгын Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Сару уулу, Садык Шернияз, Артык Сүйүндүков өңдүү белгилүү режиссерлор мамлекеттен бир тыйын албай эле өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып, мындан үч жыл мурда уюштурганын журналист Айбек Шамшыкеев айтып берди.
XS
SM
MD
LG