Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Көрүнбөс тешиктен көмүскө суу агабы?


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

“Фабула” гезити Батукаевди качырып жиберип, кайра издөө салган мамлекет өзү “оорукчанбы?” деген суроону койду.

“Жин ооруга же жандуу дартка кабылгандарды, крышасы тайгандарды, 99 же 101 бирге айланып мээси айныгандарды” айыктырып алчу Чым-Коргон менен Кызыл-Жар деген айылдарда жиндилердин ооруканасы барын, бирок ушундай айыкпас дарт менен мамлекеттин өзү ооруп калса кайда барып, кантип дарыланарына баш катырган Баратбай Аракеев "ошол кездеги омбудсмен Турсунбек Акун баштаган аткаминерлер “өлгөнү калды кокуй” деп бир далай күн Батукаевга кошок кошуп турган, анан аны качырып жиберип, эми кайрадан издеп жатканы бери дегенде айбанчылык, ары дегенде мамлекеттин өзүнүн мээси соо болбой калганыбы? “ деп жазды жаңы жарык көргөн “Фабула” гезитине.

Эл баатыры Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына карата депутат Каныбек Иманалиев жазган эскерүү “Кайран элдин” Докеси” деген ат менен жарык көрдү.

Журналист Эрнис Балбаков Докенин бир тууганы Кубанычбек Садырбаев менен аңгемелешти. Айтылуу Докенин бир бет менен толтура ырлары да тартууланды.

Депутат Майрамкүл Тиленчиеванын маеги “Тыштан келген насыялардын 10 процентин чиновниктер алат” деп аталды.

“Кош бол, залкар...” деген баштеманын алдында бүгүн кыргыз эли акыркы сапарына узатканы турган Улуу комузчу Нурак Абдырахманов тууралуу күйүттүү эскерүүлөргө орун берилди.

Эл баатыры Бексултан Жакиевдин сандан санга жарык көрүп келаткан “Токтогулду билген барбы?” деген баянынын уландысы басылды.

“Алиби” гезити депутат Надира Нарматованын “Ошко газдын берилбей жатканы үчүн Кулмурзаев менен Артыкбаев жооп бериши керек” деген маегин басты. Ал кепти Батукаевден баштап, аны өлө турган дартка чалдыккан деп корутунду чыгарган Гематологиялык борбордун директорунун орунбасары жазаланмак тургай кызматынан чоңоюп, республикалык кан борборунун башчысы болуп иштеп жатканын, Токтогул ГЭСинин жанында жашаган эл кайсы бир тешик аркылуу суу тынымсыз агып, сатылып келгенин айтып жатышканын, Өзбекстанды суу бербей коебуз деп коркута албастыгыбызды, анткени электр энергиясынын пульту дагы эле ошол өлкөнүн колунда экенин эскертти.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбеков интервьюсунда “Кызматкерим кылмыш кылса мени каралаган саясат башталды” деп коңгуроо кагып, кызматкери анын атын сатып пара алып жүргөнүн билбегенин, билсе эбак айдамагын, азыркы күндө пара алган кылмышкерди эмес, аын каралаган саясат жүрүп жатканын, анткени анын оппозициянын башында турган Равшан Жээнбеков деген баласы барын, эки-үч күн мурда Тайырбек Сарпашев болбогон жерден эле сөгүш берип салганын, эми бул маселени жөн койбой, кагаздарын көтөрүп алып өкмөт башчысына чейин кирерин, өзүн билген адамдар анын мындай ыплас иштерге аралашпастыгын жакшы билишерин айтты.

Ушул эле “Алиби” гезити Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ноокат райондорунун 512и кишиси кол койгон катты “Сугалак “Суннель-Табак”, КСДПчы Ибраев же дыйкандардын укугун ким коргойт?” деп атап, президент Алмазбек Атамбаев менен баш прокурор Аида Саляновага кайрылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Куралдуу күчтөр реформаланууда”, “Тариф саясаты калкты коргоп, коррупцияга жол бербөөгө тийиш”, “Кыргыз-nүрк “Манас” университетинин арымы артты” деген маалыматтар менен ачып, Нарынкүл Назаралиеванын “Баарынын бүйүрүн кызыткан Бажы биримдиги”, Мырзакат Тыналиевдин “Талашуудан мурда такташып алышса боло...” деген макалаларын тартуулады.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Энергетика системасынын негизги фонду эскирип, оор кырдаалга жетти” деп интервью берип, энергетика тармагында кандай иштер жасалып жатканына кенен токтолду. Ал ошондой эле энергетика системасынын негизги фонду эскирип олтуруп 50 проценттин чегине жеткенин, бул деген абал өтө оор дегенди билдирерин, анткени 25 проценттик чекке жеткенде эле абал начар дегенди түшүндүрөрүн, тарифтер күтүүсүздөн же капыстан өзгөртүлбөсүн, эгер Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп берсе, тарифтерди өзгөртүүгө барарын белгиледи. Артыкбаев андан ары азыр Токтогул ГЭСиндеги суу кийинки жылга аз боло турганына байланыштуу Тажикстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Эмгек ардагери Сатынды Самыкбаев мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылындагы мамлекетти алсыратып келаткан коррупциялык көрүнүштөрдү, коомдо “эбин тапкандар эки ашайт” болгондор, илимде илимий даражаларды акчага сатып алган жалган, жасалма илимпоздор көбөйгөнүн, бийликтегилер айлана-тегерегине колунан иш келбеген өң-тааныштарын, тууган-туушкандарын жыйнай бермей адатка айланганын, Айтматовдун Бишкектеги эстелиги жаш баланын оюнчугуна окшоп, бизде бирдиктүү идеология деген болбой калганын өкүнүү менен баяндады.
XS
SM
MD
LG