Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Гезиттер: Салянова Түркияда көз жарат


Мурдагы баш прокурор Аида Саляновага 2-даражадагы "Манас" орденин тапшыруу аземи. 2015-жыл
Мурдагы баш прокурор Аида Саляновага 2-даражадагы "Манас" орденин тапшыруу аземи. 2015-жыл

“Мезгил ньюс” гезити спикер Асылбек Жээнбековдун жана ал башында турган парламенттин беш жылдык ишин сынга алган баш макала менен жаңы санын ачты.

Шайлоодо биз эл үчүн гана иштейбиз деп ширин сөздөрдү сүйлөгөндөр депутатка айланары менен үйлөрү бар туруп кызматтык үйдөн да, көп сандаган жардамчылардан да, мамлекет майын куюп берчү машинадан да, кол тийбестиктен да баш тартпай, каалагандай кнопка басып, каалагандай жашаганга жедеп ыңгайлашып алгандар, калктын каражатына багылып жаткан жыргал жашоого көнүп алгандар ошол “жашоосуна” кайра келүү үчүн калкты кайрадан убадаларга тойгузуп, кайрадан эл аралай баштаганын жазып чыкты.

Ушул эле гезитке Бишкектин Свердлов райсоту журналист, саясатчы Уран Ботобековду 1 млн. 800 миң сомдук айыпка жыкканына макул болбогондор Уран Ботобековду коргоо кыймылын түзгөнүн, кыймыл Бишкек шаардык сотуна апеллациялык арыз менен кайрылганын, аны сотко берген Президенттин аппаратынын мурдагы 1-орунбасары Икрамжан Илмияновго 7 сомдон садага чогулта тургандыгын кабарлады.

“Мезгил ньюстун” бүгүнкү санындагы макаласында “Улуттар биримдиги партиясынын” төрагасы Мелис Мырзакматовдун ага жана анын партиясына бүгүнкү бийлик тарабынан саясый куугунтук жүрүп жатканда жалгыз гана “атамекенчилер” акыйкат сөзүн айтып колдоп чыкканын, башкалар корксо “Ата Мекен” партиясы эч кимден коркпогонун, 2005-жана 2010-жылкы элдик күрөштүн башында турган өжөр партия экенин, эми эки партия бириксе мындан да күчтүү болорун айткан кайрылуусу басылды. Ушунун катарына Өмүрбек Текебаевдин “Мелис Мырзакматов өз алдынча саясатчы” деген макаласы басылып чыкты.

Ушул эле гезит Филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетовдун “Чындыкты чыркыраткан жайсаңчылар” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Илимпоз Медетов Бүбү Мариямды периште көрүп, анын этегине намаз окуп келаткан окумуштуулардын катарына Кусейин Исаевди, Өскөн Осмоновду, С. Абдрасуловду, чыгармачыл адамдардын ичинен Асан Жакшылыков, Каныбек Иманалиев, Темирбек Токтогазиев, Талантаалы Бакчиевди атап, айрыкча Бакчиевдин “Манас” эпосуна арналган эмгектериндеги, Каныбек Иманалиевдин “Каганат”, “Шабдан баатыр”, “Саякбай” тууралуу китептериндеги так эместиктерди, калпыс, ката жазылган ойлорду, мисалдарды фактылар менен далилге тартып сынга алды. Сынга алынгандардын ичинде Шабданды кино кылып тартмакчы болуп, тарыхчылардын айтымында бурмаланган сценарий менен ишин баштаганы жаткан Эрнест Абдыжапаров да бар.

"Душманды жаныңда карма..."

“Азия ньюс” гезити “Лидерлердин эң байы Чыныбай Турсунбеков, эң кедейи - Дастан Жумабеков” экенин белгилеп, саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин “Кулатуу боюнча Текебаев чоң чебер” деген маегин тартуулады. Деги эле Текебаевдин кайрадан депутат болуп Жогорку Кеңеште жүргөнү элге көбүрөөк пайда берерин, эгер бийлик “Ата Мекенди” кулатам дечү болсо балээни башына үйөрүн, ошондуктан Атамбаевге Текебаевдин парламентте олтурганы жакшы болорун, ошон үчүн орустар “Держи врага рядом” дешерин кулак кагыш кылды.

Өкмөт башчысы Темир Сариевдин “Азырынча мага премьер болуп иштеген жагат” деген интервьюсу жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити врачтардын кайдыгерлигинен каза болгон келинчегин жоготуп, сөөгүн коюп жатканда мурдагы министр Дамира Сагынбаева, мурдагы вице-премьер Элвира Сариева келип “Бул врачка чара көрөбүз” дешкенин, бирок эч кандай чара көрүлбөгөнүн, ошондон ушул күнгө чейин акыйкат издеп таппай келатканын, айласы кетип, аргасы түгөнгөндө президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган арманын жарыя кылды.

Гезит Аида Салянова Стамбулдагы төрөт үйүндө көз жарганы калганын, президент Атамбаев Сузактын Көк-Арт дайрасындагы көпүрөнү ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө “Бир саясатчы мен парламентке мандат алыш үчүн керек болсо шайтан менен биригем” дептир. Ошондойлор элди бузганга, бөлгөнгө, бирин-бири тукурганга аракет кылат. Алардын баарын бир жакка айдаш керек” деп айтканын , “Замандаш” партиясы тазалануу съездин өткөргөнүн, “Ата Мекен” партиясы отчет бергенин кабарлады.

Аталган гезитте депутаттар Чыныбай Турсунбековдун, Нурбек Алымбековдун, Токтогул Тумановдун, Абдыманап Кутушевдин бир бет менен толтура интервьюлары бар.

XS
SM
MD
LG