Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Эгер Бабанов президент болсо...


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“Кыргыз туусу” гезити 13-октябрдагы санында “Элди кызыктырган коалициялык көпчүлүк кандай куралат?” деген суроо менен кайрылып, окурмандарынан жооп алды.

"Кыргыз туусунда" саясат талдоочу Табылды Акеров: "Парламентке кирген партиялардан ”Ата Мекенден” башкасынын баары оппозицияга жарабайт. “Республика-Ата Журту” да бийликке оппозиция боло албайт. Ошондуктан бул партиялардын баары коалицияга кирүүгө жан талашат, менимче, коалицияга “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү”, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” партияларынан куралышы мүмкүн", - деп,

Доктор Жеңишбек Назаралиев: "Менимче, коалициялык көпчүлүк КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” партияларынан болушу мүмкүн. Өмүр бою оппозицияда жүргөн “Ата Мекен” партиясы азыр бийликке сын айтып эч нерсени өзгөртө албайт”,- деп,

Саясат талдоочу Айнура Арзыматова: "Коалицияга “Республика-Ата Журтту” кошпойт. Кошулса, Бабанов сөзсүз өкмөт башчылыгына барат. Премьер болуп эки жыл иштесе, Бабанов бүтүндөй мамлекеттик бюджетти өзүнө иштетет. Колундагы бүтүндөй ресурсту пайдаланып, элге жагынууга аракет кылат. Анын президенттик шайлоодо утуп чыгышы толук мүмкүн. Бирок Кыргызстан “экинчи бизнесмен” президентти көтөрө албайт”, - деп жооп берди.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Креслого түз отуруп, түз иштесин” деген макаласын басты. Автор жүз жыйырма жаңы кресло, болгондо да чылгый териден жасалган, оңбогондой кымбат баа жаңы кресло алынмай болгонун, ар бир кресло 20 миң сом турарын, 120 килограммды көтөрчү 120 креслонун баасы 2,6 млн. сом болорун, бул сумма алар үчүн түккө турбасын, анткени иштебеген айы үчүн 60 млн. сомду жалмап салышканын жазды.

“Фабула” гезити андан ары “№50 абактагы качуу, кимдер качты?” деген макаланы жарыялап, түрмөдөн качып чыккан төртөөнүн сүрөтүн, буга дейре алардын кандай кылмыш кылгандарын жазып чыкты.

Айбек Шамшыкеевдин “Шайлоочум, келечегиңди беш миң сомго бааладыңбы?” деген макаласы да ушул санда. Бир кезде Чыңгыз Айтматов туурасында тескери сөздөрдү жазып чыккан казак акыны Олжас Сулейменовдун Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты алууга татыксыздыгы тууралуу Айтматовдун үй-бүлөсүнүн, окурмандардын, акын-жазуучулардын каты жарык көрдү.

Гезиттин “Оңтойсуз суроолору" бул жолу Текебаевге, Бабановго, Шаршенбек Абдыкеримовго, Алтынбек Сулаймановго, Исмаил Исаковго берилди.

Депутат Эсенгул Исаковдун маеги да ушул санга басылып чыкты.

“Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун сапаттуу тейлөө борборунун директору Рамил Муканбетовдун “Энергетиктерге нааразы болгондор бизге кайрылышсын” деп аталды.

“Вечерний Бишкек” гезити да жаңы депутат болчулар ишке кирише элек жатып кресло заказ кылышканына атайын макала арнады.

Бул санда түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлер тууралуу да макала бар.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканы жөнүндө макаланы да ушул гезиттен окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG