Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 10:42

Коомдук кеңештер үмүттү актай элек


Иллюстрация

Кыргызстандагы министрликтер менен мамлекеттик мекеме, уюмдардын Коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоого кезектеги сынак жарыяланды.

2010-жылдан бери иштеп келе жаткан Коомдук кеңештер мамлекеттик мекемелердин ишин жакшыртууга кандай салым кошуп, коррупцияны азайтууга кандай тоскоолдуктарды түзө алды? Коомдук кеңештер жарандык көзөмөлдү күчөтө алдыбы же аты бар, заты жок уюмдарга айланып бара жатабы?

“Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнады.

Талкууга коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Экономика министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Ноокат Идрисов жана Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, сиз 2010-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигиндеги Коомдук кеңештин мүчөсү болуп келе жатасыз. Мына азыр үчүнчү жолу мүчө болуу үчүн конкурска катышып жатасыз. Ушул жылдар аралыгында Коомдук кеңеш Билим берүү министрлигинде ишти жакшыртуу, коррупцияны жоюу же башка бир жакшы багыттарды ишке киргизүү боюнча кандай натыйжа берди? Сиз өзүңүздүн мүчөлүк ишиңизге канааттана алдыңызбы?

Алмаз Тажыбай: Чындыгында 2010-жылы Коомдук кеңеш биринчи ирет институт катары таанылган жана анын алдына мамлекеттик органдар менен байланышып, чогуу иш алып баруу деген максат коюлган. Тилекке каршы, ошол кезде мүчө болгон адамдардын ар кандай көз караштар менен мүчөлүккө келгендиги, тактап айтканда, статус үчүн, бирөөлөрдүн таанышы болгону үчүн же жетекчилердин үгүттөөсү менен келгендиктен бардык мүчөлөрдүн ичинен активдүү иштегендердин салмагы 30 гана пайызды түзүп калды.

Азыр деле ошондой абалда болуп жатабыз. Бирок, 2010-жылга салыштырмалуу азыр мекеме менен Коомдук кеңештин ортосундагы байланыш тыгыз болуп калды. Анткени, атайын мыйзам жок болуп ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен эле түзүлгөн. Кийин 2014-жылы атайын мыйзам кабыл алынгандан кийин мекемелердин жетекчилери айла жогунан мыйзам менен иштөөгө мажбур болуп калышты.

Министрликтердин жетекчилери өздөрү дагы Коомдук кеңеш зарыл экен, себеби коррупциянын чыгуу себептерин жана аны жоюу жолдорун бирге иликтеп иштешсек, натыйжа берет экен деген сунуштарын айтып жатышат. Демек, Коомдук кеңештер ишти жакшыртууга бир топ салым кошуп жатат, бирок жасалган иштер тууралуу маалыматтарды элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк жок, себеби ММКларга акча төлөп жарыялоого чамабыз жетпейт. Анткен менен биз көтөргөн маселелердин жок дегенде 10% ишке ашып жатат.

“Азаттык”: Жыпар мырза, азыр Кыргызстандагы 35 мекеме, органда Коомдук кеңеш иштейт. Бирок, жарандык көзөмөлдү күчөтүп, ошол министрликтердин жаңыча иштөөсүнө жакшы салым кошту деген пикир коомдо жокко эсе, тескерисинче Коомдук кеңешке өз пайдасы үчүн иштегиси келгендер барып, өз көйгөйлөрүн эле чечип жатышат деген пикирлер эмнегедир бекемделип бара жатат. Мындай ойго негиз барбы?

Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен министрликтин ортосундагы мамиле дагы такталышы керек. Антпесе, кыргызчылыкка салып, министр “жөн эле койчу” деп суранып, анын бир жеке мамилесин чечип койсо унчукпай калбашы керек.
Жыпар Жекшеев

Жыпар Жекшеев: Андай ойго негиз бар. Себеби, Коомдук кеңештер биздин коомдогу жаңы институт жана али калыптана элек. Андан тышкары кеңештин мүчөлөрүн тандоо критерийлери али тактала элек. Көпчүлүк учурда кеңештерге адамдар өздөрүнүн кандайдыр бир көйгөйлөрүн чечип алуу үчүн гана баргандары бар. Коомдук кеңештин мүчөлөрү эч кимге көз карандысыз, жетекчилерге эч кандай туугандыгы жана кызыкчылыгы жок, жарандык туруму күчтүү болушу керек. Демек, тандоонун башкы критерийи ушундай болушу керек эле. Азыр кайсы мекемени карабайлы, бардык жерде коррупциянын кулагы көрүнүп турат. Ошону жоюучу бирден бир башкы курал ушул Коомдук кеңеш. Алар элдин атынан барып, көзөмөл салууга чындап милдеттендирилиши керек. Анан Коомдук кеңештин мүчөлөрү менен министрликтин ортосундагы мамиле дагы такталышы керек. Антпесе, кыргызчылыкка салып, министр “жөн эле койчу” деп суранып, анын бир жеке мамилесин чечип койсо унчукпай калбашы керек.

“Азаттык”: Ноокат мырза, Коомдук кеңештердин ичинен коомдо таасир көрсөтө ала турган чечимдерди Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңеши кабыл алды деген ойдомун. Себеби, кеңештин талабы менен Онкология борборунун жетекчиси тандалды, Кургак учук борборунда эки кишинин каза болушуна кириптер кылган дарынын уруксатсыз сыналып жаткандыгы ачыкка чыкты. Эмнегедир башка кеңештер мекеме жетекчилери менен сен жакшы, мен жакшы деп иштешип жаткандай. Сиз мүчө болгон Экономика министрлигиндеги кеңеш жетекчилик кандай иштешип жатат?

Ноокат Идрисов: Биз деле министрликке көптөгөн сунуштарды берип жатабыз. Бирок, алардын көбү калып, азы гана кабыл алынып жатат. Мисалы, министрлик жыл башында жетекчилерге ар бири беш миң сом турган “Паркер” маркасындагы 10 калемсап сатып алуу боюнча тендер жарыялаптыр. Коомдук кеңеш мамлекетте экономикалык кыйынчылык болуп жатканда жөнөкөй эле калемсап менен жазсаңар болот деп дароо каршы болдук. Ошондон кийин министр тендерди жокко чыгарып, 50 миң сом үнөмдөлүп калды.

Андан тышкары министрликтин “Жеткиликтүү турак жай” деген программанын долбоорун даярдап жатканда бул ишке аша турган долбоор эмес деп каршы болгонбуз. Бирок, министрлик биздин каршылыкты уккан жок жана жеткиликтүү турак жайга жеткирүүнүн жолдору тактап жазылган өз сунуштарыбызды берсек да кабыл албай коюшту. Себеби, аны даярдаган адистердин деңгээли жетишсиз окшойт, биз берген сунуштарды да түшүнбөй коюшту. Ошон үчүн азыр элдин баары ошол долбоорду сындап жатат, демек Коомдук кеңештин сунушу туура экендиги далилденди. Аны биз кайра өкмөттүн кароосуна бердик.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG