Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Кыргызстан Курман айтты белгилөөдө


Бүгүн Кыргызстанда Курман айт белгиленип жатат. Таң эрте Бишкектеги айт намазына эл күтүлгөндөн көп келди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев билдирди.

“Бүгүн саат сегиз жарымда Курман айт намазын окудук. Эл абдан көп болду. Угушубузча, 200 миңге жакын мусулман келип, намазга кошулду. Биздин аянттарыбыз куттуу болуп, жакшы нерселер гана болот деп ойлойм”,-деди Рахматулла ажы Эгембердиев.

Айрым байкоочулар намазга катышкандардын саны 80-100 миңдин тегерегинде деп билдиришти. Муфтият намазга 70 миңдей адам келет деп күтүп жаткан.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиришинче, айт намазы окулган эски аянттын жанындагы көчөлөрдө машиналардын тыгыны да пайда болду. (KKs)


Бишкектеги Курман айт намазы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00
XS
SM
MD
LG