Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Дааватчынын кароосуз калган балдары


“Таблиги жамааттын” ишмердиги Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү.
“Таблиги жамааттын” ишмердиги Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү.

Бишкекте үй-бүлөсүн таштап, дааватка кеткен адамдын балдары жарым жылдан бери балдар үйүндө баш калкалоодо.

Муңдуу караган сегиз жаштагы Хасанды карындаштары менен кошо энеси мындан жарым жыл мурда балдар үйүнө таштап кеткен. Алар буга чейин шаардагы кичи райондордун биринде батирде турушчу. Атасы дааватка кеткенден кийин батирдин акчасын төлөй алышпай, көчөдө ачка калышкан. Калаадагы ашканалардын биринде иштеген апасы болсо, балдарын таштап жатканда бир аз акча топтоп алган соң, башка батирге чыгышаарын айтып кеткен экен. Бирок ошондон бери чүрпөлөрүн көрүүгө басып келген эмес.

Үй-жайын таштап, исламга үгүттөп, үймө-үй кыдырып кеткен атасынан болсо дайын жок. Бөбөктөр менен маектешкенибизде дааватка аттанган атасын көптөн бери көрбөй сагынышкандарын айтып отурушту.

Үч маал тамактанып, эртеден-кечке башка балдар менен ойноп-күлүп жүрүшкөнү менен, бир канча айдан бери ата-энесин көрбөгөн наристелер кантсе да куса болуп жатышкан экен. Балдар үйүнүн мүдүрү Алексей Петрушевский төрт бир тууган эне-атасын күтүп, кээде жол карашаарын айтат.

- Балдардын борбордо жашап жатышкандарына ушунча убакыт өтсө да бири басып келип, сурап койгон жок. Бала деген баары бир сагынат да. Дааватка кетип, бирок үй-бүлөсү кандай күндү көрүп жатканына башы оорубаган атаны биринчи жолу жолуктуруп жатам. Өзүнүн балдарына жардам бере албай жатып, башкаларды динге үгүттөгөн адамды түшүнбөйм.

Муфтияттын алдындагы үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Жолдошбек Абдылдаев дааватка чыгуунун эрежелери көпчүлүк учурда эске алынбай калып жатканын моюнга алат. Сөзсүз эле жери кезип кетип, өз жакындарын таштап же унутуп коюу -дааваттын талабы эмес. Адамдарды жакшылыкка үндөө аракети кээде бурмаланып жатканын айтат Жолдошбек Абдылдаев:

- Биринчи дааватка чыккан адамдын өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасы болушу керек. Карызы болбошу шарт. Дааваттан келгиче үй-бүлөсүн камсыздай турган бир туугандары же жакындары болуусу шарт.

Кыргызстанда дааватчылар катары белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун ишмердиги Коргоо кеңешинде да козголуп, өлкө президенти жагдайды анализдеп чечим кабыл алууну сунуштаган. Бирок учурда акыркы жыйынтык чыгарыла элек.

Адистер дааватчылардын эң башкы кемчилиги - алардын билимсиздиги экенин айтышат.

Ыйман фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун пикиринде, дин туурасында түшүнүгү тайыз адамдар дааваттын ишин чаржайыт алып барышууда.

- Бул тууралуу Кыргызстандын дин чөйрөсүн багытталган концепциясында да каралган. Алардын диний түшүнүгүн байытуу, кеңейтүү үчүн бирдиктүү окуу куралдары болушу керек. Маалымат алуулары зарыл. Ар кайсы өлкөлөрдөн билим алып келгендер, атайын теологиялык билими бар адамдар дин боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү кажет.

Кыргызстанда "Таблиги жамаат" кыймылы башында турган дааватчылык кеңири жайылып, өсүп-өнүгүп жатса, кошуна өлкөлөрдө ага таптакыр тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG