Баткен облусу не бир ширин өрүктөрү менен эле эмес, бармак жалаткан даамдуу күрүчү менен да белгилүү боло баштады. Дыйкандар азыр шалысын оруп, кырмандын берекесин тилеп отурган учур. Кыргызстандагы белгилүү Өзгөн күрүчүнөн ашса ашып, асти кем калбаган Баткендин күрүчү соңку кезде кошуна Өзбекстан менен Казакстанга чейин экспорттолууда. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Бармак жалаткан Баткен күрүчү

1
Баткендин "башка сары алтыны".

2
Баткен облусунун дыйкандары жалпысынан аймакта 2.5 миң гектардай күрүч айдап, 7.5 миң тоннадай шалы өндүрөт.

3
Баткендеги шалы талаасы.

4
Дыйкандар күрүчтөн жылына жарым миллиард сомдой киреше табат.

5
Ушу тапта Баткенде дыйкандар шалы оруп, жол жээктеринде кырман көтөрүп, жайы мененки мээнетинин акыбетин эсептеп жаткан мезгил.

6
Күрүчтү ушинтип алышат.

7

8

9
Шалы бышкан маал.

10
Шалы оруу (күрүч өскөн паяны шалы деп коёт)

11
Шалы аянты.

12
Жаңы түшүмдөн даярдалган палоо.