Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

“Чоролор” бийликтин "чоорун" тартабы?


"Кыргыз чоролору" 2010-жылы түзүлгөн
"Кыргыз чоролору" 2010-жылы түзүлгөн

Буга чейин “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин кытай жарандарын уруксатсыз текшерген иш-аракети талаш жаратып келсе, эми аларга өкмөттүн чечими менен бекер кеңсе берилгени ачыкка чыгып, сынга кабылды.

Аталган коомдук бирикме болсо күч органдары менен өз ара меморандум түзгөнүн, анын негизинде текшерүү иштерин жүргүзүүгө, ар кандай рейддерди өткөрүүгө укуктары бар экенин айтууда. Ошол эле кезде алар кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Бишкектин так ортосунан кеңсе да алышканы белгилүү болду.

2010-жылы 40 уруудан 40 жигит Алтайга барып келгенин жар салышкан болчу. Алар ошол жылы эле “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесин негиздешкен. Анын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев кыргыз өкмөтү Бишкектин чок ортосундагы эки бөлмөлүү кеңсе менен камсыз кылганын тастыктады:

- Эки-үч жыл мурун Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болуп турганда эки жолу кайрылганбыз. Кеңсени берүү, же бербөө тууралуу Экономика министрлиги чечет экен. Экономика министрлигинин жардамы жана ИИМ, Каржы министрликтери, Мүлк фонду жана башка министрлик, мамлекеттик органдардын чечиминин негизинде азыркы кеңсе бизге берилди. Биздин уюм жети-сегиз мамлекеттик мекеме менен кол коюлган меморандумдун негизинде иш алып барат. Кеңсе бизге мамлекеттик органдарга жардам берип жатат, коррупцияга каршы күрөшүп жатат деген негизде берилген.

Уюмдун жетекчиси Замир Көчөрбаевдин маалымдашынча, ушул тушта алардын мүчөлөрү беш миңге чамалады:

- Мамлекеттик органдар менен түзүлгөн келишимдин негизинде коррупцияга каршы күрөшүү, Баш прокуратура менен түзүлгөн келишимдин негизинде жарандардын укуктарын коргоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча иштейбиз. Жаштар министрлиги менен түзүлгөн келишим боюнча мыйзамсыз миграция жаатында иш алып барабыз.

“Кыргыз чоролору” өткөн айдын этегинде түн ичинде капылет кирип барып, Бишкектеги “Таатан” соода борборунун жанындагы караоке-барды тинтүүгө алган.

Кыргызстанда иштеген кытай жарандары
Кыргызстанда иштеген кытай жарандары

Коомдук бирикме бул аракетин көңүл ачуучу жай деген ат менен көмүскө иштеген, жалаң кытай жарандарын тейлеген сойкукананы ашкерелеп жатабыз деп түшүндүрүшкөн.

Интернетке жарыяланган видео тасмада теңи калпакчан, айрымдары бетин чүмкөп алган, жаалданган жоон топ адам он чакты кытай жаранын жана жыйырмадай кызды опузалап жатканы тартылган. "Чоролор" анда да күч органдары менен өз ара түзгөн меморандумдун негизинде мындай күмөндүү жайларды текшере аларын айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “чоролордун” аракетин мыйзамсыз деп баалады. Бул фактыны шаардагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатканын, укуктук баа берилерин маалымдады:

- Алардын мындай жайларды текшерип, андагы адамдардын документтерин текшергенге эч ким укук берген эмес. Меморандум деген чогуу кызматташалы, иштешели деген эле келишим болуп эсептелет. Меморандум деген мыйзам эмес, юридикалык күчү жок.

Ал арада айрым жарандык коомдун өкүлдөрү “Кыргыз чоролорун” “өзүм билемдикке” барып жатат деп айыптап чыгышты. Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартованын баамында, мындай уюмдарды күч органдары калкалап келет жана керек учурда өз кызыкчылыгына пайдаланат.

- Күч органдары АКОС, “Кыргыз чоролору” деген коомдук бирикмелер менен меморандум түзүп алган. Мисалы, ошол эле АКОС коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деп, көлдүн жээгиндеги пансионаттарды текшергенге чейин барганы маалым болгон. Бул жерде милиция да, прокуратура да ашыкча баш ооруткусу келбей “элдик көзөмөл” демиш болуп, аларды биринчи жиберип коет. Алар барып бир мандемдүү илинчек таап чыккандан кийин баса калышат. Бул деген мыйзамсыз. Биз минтип отурсак анархияга барабыз.

Рита Карасартова чет өлкөлүк жарандарды тейлеген сойкуканалар маселесин күч органдарынын ишиндеги алешемдик менен түшүндүрдү. Бирок андай жайларга чара көрүүгө коомдук уюмдар аралашпашы керектигин белгиледи:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

- Кытай жарандары жана аларды тейлеген жергиликтүү кыздардан башка эч кимди киргизбеген көңүл ачуучу жай болсо, бул деген ошол эле милициянын иштебегенин далилдейт. Күч органдары көз жумуп келгенинин натыйжасында болгон иш. Алардын ишине коомдук уюмдар эмес, ошол айлык алып отурган мамлекеттик органдар бөгөт коюшу керек, ошолор кыймылдашы керек.

Өздөрүн мекенчил деп эсептеген, Манастын эн тамгасы бастырылган калпак, кийим кийген "Кыргыз чоролору" бирикмесинин аты мыйзамсыз иштеп жүрөт деген чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу аракети менен таанылган. Буга чейин алар ар кандай заводдордо иштеген, жол курган кытай жарандарын текшерүүгө алышкан.

XS
SM
MD
LG