Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Орусияда мушташтан эки кыргызстандык ажал тапты


Сургут шаарындагы мушташтан мерт болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине шаршембиде жөнөтүлөт.

Окуянын чоо-жайын “Азаттыкка” Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы баш консулунун милдетин аткаруучу Гүлнур Нарматова айтып берди.

Гүлнур Нарматова: 6-февраль күнү түнкү саат 02:45тер чамасында Сургуттагы травмaтологиялык борборго эки адамды алып келишкен. Алар кыргызстандыктар экен. Бирөөсү Мырза Дүйшеев - Орусиянын жараны, экинчиси Мирлан Баймырзаев, 1989-жылы туулган, биздин жараныбыз болуп чыкты.

“Азаттык”: Алар бычак жеп өлдүбү?

Гүлнур Нарматова: Алар ооруканага жаракат алып түшкөндөн кийин, ошол жерден жан беришкен. Биздеги маалымат боюнча, Сургуттагы кафелердин биринде биздин кыргыз кыздар туулган күн өткөрүшкөн. Конокко келген кыргыз жигиттер менен кафеде отурган дагестандык жигиттер сыртка чыгып мушташып, биздин балдар ошол мушташ учурунда жаракат алган экен.

“Азаттык”: Кылмышка шектүүлөр кармалдыбы, тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө аласыздарбы?

Гүлнур Нарматова: Бир адам кармалган, ал Дагестандын тургуну экен. Шейшемби күнү кечинде мен өзүм Сургутка жөнөп жатам. Буга чейин да шаардын Ички иштер башкармалыгы, тергөөчүлөр менен байланыштык. Сургуттун жетекчилерине кат жолдодук. Бизге азыркы мезгилде тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты. Сургуттагы жолугушуулардын, сүйлөшүүлөрдүн учурунда бул кылмыш иши аягына чейин чыгарылуусун суранабыз.

“Азаттык”: Мерт болгон балдардын сөөгү туугандарына жеткирилип берилеби?

Гүлнур Нарматова: Мырза Дүйшеев Нарын облусунун Кочкор районунан, Мирлан Баймурзаев Жалал-Абад облусунан. Алардын сөөгү биздин Сургуттагы жарандарыбыздын жардамы менен Кыргызстанга шаршембиде эртең менен жөнөтүлөт. Буга мен да барып катышам. Туугандарына кабар берилди.

“Азаттык”: Жаштардын туулган күндү белгилөөсү минтип трагедия менен аяктаптыр. Кыргызда сактыкта кордук жок дейт. Орусияга мигрант катары барган жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектир?

Гүлнур Нарматова: Ооба, бөтөн эл, бөтөн жерге иштөө максатында келишкенден кийин кечиндеси көчөгө чыкпай, бейчеки жүрбөй, өздөрүнө сактык менен карашса - мындай иштер болбосо керек деген ойдобуз. Диаспоралардын өкүлдөрү менен иш алып барып жатабыз. Бул окуяга байланыштуу Сургуттун жетекчилигинин, Ички иштер башкармалыгынын, миграция кызматынын өкүлдөрү, биздин ал жердеги мекендештерибиз менен да жолугабыз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG