Мунун себебин алар трактордун жетишсиздиги жана күйүүчү майдын кымбаттыгы менен түшүндүрүшүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы Ноокен районундагы пахта эгилип жаткан талааларга барып, соко тартып көрдү.
Чиртек-Сай айылынын тургуну Хакназар Нуралиев беш-алты жылдан бери эшектин күчүн пайдаланат. Тракторго акча таппай, арга кеткенинен талаасындагы техника менен аткарчу жумуштарды эшегине соко кошуп эле жасап жүрөт. Анын айтымында, бул ыкма сугаруу иштери башталаар алдында колдонулат.
Беш-он жыл мурун айдап-себүү иштерин тракторлор гана аткарчу. Эми болсо минтип дыйкандар эшектин күчүнө таянып калышкан. Анткени техникалар эскирип, тракторлордун саны азайып кеткен.
Анын үстүнө жазгы талаа жумуштары кеч башталып, ушул тапта айдоо, себүү, малалоо, сугат иштери тең жүрүп жаткандыктан тракторго болгон муктаждык ого бетер өсүп кетти.
Убакытты текке кетиргиси келбегендер минтип эшектин күчүнөн пайдаланып жатышат.
Эшекке кошчу соко үчүн дыйкандар трактордун культиваторун жана чакан дөңгөлөктү пайдаланышат. Аны эшекке жана өздөрүнө ылайыктуу кылып ширетип алышат.
Бир гектар жерге эгин сугарчу арык тартуу үчүн трактордо жарым саат убакыт керектелсе, эшек менен бир күн убара тартышат. Ал үчүн сөзсүз эки адам убара болот. Бири, мисалы, өспүрүм балдар, эшекти башкарса, чоң киши соконун жүрүшүн көзөмөлдөп кетет.
Бул ыкма мага кызык сезилип, Хакназар аванын уруксаты менен сокону тартып көрдүм. Оңой сезилгени менен бир топ эле күч талап кылат экен. Арык тартып бара жаткан сокодон көздү үзбөш керек, болбосо туура эмес кетип, эгилген уруктарды жер бетине чыгарып салат.
Хакназар Нуралиев жашаган айылдагы ар бир үйдө эшек бар. Бир кездери бул жаныбар жүк ташуучу унаа милдетин аткарса, азыр дыйкандын негизги күчү болуп, түшүм алууга салым кошуп жатканын дагы бир дыйкан Жолдош Жакшылыков айтып берди:
- Эшек - дыйкандын эң таянган унаасы. Жасаган ишин милдет кылбайт. Качан барып, чү десеңиз даяр. Бул жаныбарга атайын сарай салуунун да кажети жок. Малдын ичинде да, койдун ичинде да жата берет. Ошолордон чыккан шакел менен эле курсагын тойгузуп алат.
Эшек менен соко тартууну бир гана Ноокендин Чиртек-Сай айылындагы дыйкандар адат кылышкан эмес. Ушул тапта дыйканчылык иштери кызуу башталган бардык эле райондордо эшек күчүнөн пайдаланып жатканын көрөсүз.