Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

“Эл үнү”: Аманатка кыянат кылган күнөө


“Эл үнү” программасына кайрылган угармандар бийлик коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүү керектигин айтып, социалдык көйгөйлүү маселелерге токтолушту.

Тажиниса Турдубаева, Бишкек шаары: “Коробка чогултуп, мектепке барганга акча сгултуп жатам”, - деп телевизордон сүйлөгөн баланы көрүп алып зээним аябай кейиди. Бала жараткан эгем тарабынан пенделерине берилген аманат. Аманатка кыянат кылган бул күнөө. Абийрдүү дене, акылы таза ата-эне кандай гана кыйынчылык болсо дагы балдарынын тагдырына кайдыгер караганга укугу дагы, акысы дагы жок. Андай ата-энелерди жараткан кечирбейт, абийир соттойт. Жарык дүйнөгө келген периштелердин күнөөсү эмнеде? Балдар биздин келечектеги жолубузду улантуучу орун басарларыбыз. Кабыргасы кайышып жан дүйнөсү бүлүнүп, 50 миңдей бала оор тагдырда калганына, мектепке барып билим ала албай жатканына баардыгыбыз бирдей түйшөлүп, ойлонушубуз керек. Балдарды коргоо менен катар ата-энелердин балдарга жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам кабыл алыш керек деп ойлойм.

Атыргүл Ибрагимова, Бишкек шаары: Бакиевдин доорунда дагы коррупция менен күрөш баштадык деп, коррупцияга каршы комитет да түзүлгөн болчу. Азыркы бийлик дагы коррупция менен күрөш башталды деп оозеки айтканы менен иш жүзүнө ашпай, натыйжа бербей жатат. Себеби, коррупциянын акулалары ээн-эркин чардап, майда чабактары колго түшүп жаткан мезгил. Коррупцияга каршы күрөш десе эле кичинекей мугалимдерден, же дагы башка бюджеттеги кызматкерлерден баштап калышат. Чынын айтыш керек коррупция менен күрөштү жетекчилерден башташ керек. 7-апрелден кийин жеп-ичкен бир топ жетекчилер коркуп, жалтактап калган болчу. Ошондо “Бакиевдин тегерегинде жүргөн адамдар бир-эки жыл кызматка келгенге моралдык акысы жок”, деп айтылбады беле. Азыр болсо тескерисинче ошол коррупциялашкан системадагылар акырындап кызматта калышып, кайра эле биригип алышты. Анан бийлик кантип коррупция менен күрөшөт?

Болот, Нарын шаары: АКШ президенти Барак Обама менен мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон “Ливиянын президенти Каддафи кетсин” деп атышат. Алар “акчаларын банктан буугула”, - деп эмне себептен айтып атышат. Менимче, булар Гаага сотуна даярдап жатышат. Бул жерде АКШнын кызыкчылыгы болуш керек. Менин таң калганым Ливияда биринчи жолу ушундай эл көтөрүлүп, биринчи революция болуп жатат. Ал эми биздин Кыргызстанда 5 жылдын ичинде эки революция болду. Бизге америка, орусия жардам берип, миллиондогон акчаларды берип жүргөн. Качып кеткен эки президенттерден аны ким сурап алат? Эмне үчүн АКШ демократия, эркиндик, адам укуктары деп талап кылат дагы, жок дегенде Максими болобу же Жаныш Бакиев болобу миллионду жеп кеткен кишилерди кармап бербейт? Андай кыйын болсо 7-апрелде элди атып качып кеткендерди эл аралык сотко, Гаага трибуналына бербейби? Эмне алар Иракты талкалап салгандай эле мунайга кызыгып Ливияны жанчып, өздөрүнүн экономикасын көтөрөлү деп жатабы?

Бектурган, Бишкек шаары: - Азыр СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачевдин 80 жашка чыкканына байланыштуу ар кандай ой-пикирлер айтылып жатпайбы. Мен дагы ошол кишинин саясий ишмердигине өз көз карашымды билдиргим келет. Өткөн кылымдын башында Орусиянын падышалык империясы кыргыздарды аз жерден кырып коё жаздабады беле. Ошондо Ленин Октябрь реаолюциясын жасап, кыргыздарды сактап калган. Ага чоң рахмат айтышыбыз керек. Лениндин чоң эстелигин борбордук аянтта калтырып эле коюш керек болчу. Ошол кезде Советтер союзунун учурунда жергиликтүү элге Бишкекте үй салганга жер бербей, квартирага жетчү эмес. Канчалаган кыргыздын мыкты жигиттери квартиралап жүрүшүп, аягында айыл жерлерине кетип калышкан. 70-жылдары мал баксын, деп бизди малдай кылып айылга кубалай берди. Анан Михаил Горбачев келип кайра куруу, эркиндик деп чыкты. Биз Горбачевго рахмат айтышыбыз керек. Анын келиши менен биз өз алдынча мамлекет болдук. Кан төгүлбөй көз карандысыз, эркин болдук. Литвалыктар айткандай, “ачка жүрөлүк, бирок эркиндигибиз болсун” дегендей кеп болбодубу.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 номурлуу автожооп телефонуна чалып, аты-жөнүңүздү айтып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.

Эгер бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG