Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

Жаңы конуш: тар жол, тайгак кечүү

Бишкектин четиндеги Дордой базарына тарапташ жайгашкан Келечек, Дордой-1 конуштарынын түптөлгөнүнө 15 жылга аяк басса да көчөлөрү асфальт көрө элек. Келечектин 14 көчөсү тең жаан-чачында жөө эмес, машине менен өтүүгө мүмкүн болбой калат. Жергиликтүү жашоочулар баткак көчөлөрдөн буттарына целлофан баштык кийип өтүшөт. Болбосо бут кийим түтпөйт.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG