Быйыл бул турнир отуз жетинчи ирет өткөрүлдү. Кожомкул атындагы спорт ордосунда бут койорго жер калбай, күйөрмандар жык толду.
9-майда кечинде Самат Садыковдун жаркын элесине арналган лейлек күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды. 70 кг. салмакка чейинки балбандардан иргелип отуруп, бишкектик балбан Улан Мусаев баш байгенин ээси болду. Экинчи орунду лейлектик Тилек Момунов, үчүнчүнү бишкектик Заир Байзаков камсыз кылды.
90 кг салмакка чейинки балбандардан лейлектик Анвар Маматкулов жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Экинчи жана үчүнчү орундарды да лейлектик балбандар Абдыманап Байзаков менен Заир Хидиров ээледи.
Өзүнүн салмагы 79 кило болсо да оор салмактагы балбандарды жеңген 21 жаштагы Анвар Маматкулов лейлек күрөшүнөн сырткары дзю-до менен машыгарын “Азаттыкка” айтып берди.
- Атаандаштарым өзүмдөн оор болгондуктан көп күч жумшоого туура келди. “Күч атасын тааныбайт” дегендей, мында чыныгы балбан гана жеңет. Ошондуктан биздин күрөштү таза күрөш деп койот. Өзүм үчүн дзю-до менен машыгып келем. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан болсом деген тилегим бар.
Мелдештин оор салмактагы жеңүүчүсү деп лейлектик Салымбек Туратов аталып, баш байгенин ээси болду. Лейлектик балбан Сабыржан Акмат уулу экинчи болду.
Мелдештин эң кызыгы үч салмактын жеңүүчүлөрү чучукулак кармап, абсолюттук чемпион жана 100 миң сом баш байге үчүн күч сынашты. Алгач Улан Мусаев менен Анвар Маматкулов күрөшүп, Анвар артыкчылык менен утуп, ал баш байгеге талапкердин бири болду. Оор салмакта биринчи орунду ээлеген Салымбек Туратовго Анвар Маматкулов 15 мүнөттөн ашык туруштук берди. Кошумча 5 мүнөттө Анвардын далысын Салымбек Туратов килемге тийгизип, турнирдин абсолюттук чемпиону аталды.
100 миң сомдун ээси болгон жеңүүчү Салымбек мелдеш калыс өткөнүн, 10 жылдан бери күрөшүп жүргөнүн “Азаттыкка” айтты.
Мындан сырткары жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
Мелдештин башкы калысы Абакир Рысовдун айтымында, алыш, кыргыз күрөшү жана лейлек күрөшү бири-биринен эрежелери боюнча гана айырмаланат.
- Мисалы, Чүй эрежесинде буттан чалып жыгылтат. Ал эми Лейлек күрөшү деп аталган бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн күрөшүндө чалуу жок. Анда күрөшкө чыккан балбан атаандашын жамбашка алып, тизе менен көтөрүп же кайтарма деген ыкмалар менен гана жыгыш керек. Башкача айтканда, кара күчкө караганда техника көбүрөөк иштетилет же балбандар таза күрөшөт десек болот.
Учурунда Борбор Азия чемпиону аталып, лейлек күрөшүнөн таанылган Миңбаев Айып балбан быйылкы мелдеште Анвар Маматкуловдун күрөшкөнү купулуна толгонун айтты. Ал 43 жаштагы таластык Ниязбек Курманкулов атайы жаштарга кезек берип, жол бошотуп, утулуп бергенин жигиттик, айкөлдүк катары баалады.
- Албетте спорт, күрөш бир эле күндө өнүгүп кетпейт. Балбандар жылдар бою күлүк аттай тапталып, булчуңдары күчкө толуш үчүн аларга шарт, машыгуу керек. Мага айрыкча Анвардын күрөшкөнү жакты. Келечеги бар жигит. Ар жыл сайын мөрөй алган таластык Ниязбек Курманкулов быйыл да финалга чейин жетсе да атайы жаштарга кезек берип, жол бошотуп, утулуп бергенин жигиттик, айкөлдүк деп баалайм.
Лейлек күрөшүнө өлкө аймагынан жана Казакстандан дагы балбандар катышты. Нарындык, ысыккөлдүк, чүйлүк айырмаланган балбандарга баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
Алматылык балбандар Байсалбек Сулайманов, Эрнис Ашимов, Адис Арзиев финалга чейин барганы менен байгеге илинбей калышты. Алардын устаты Алтынбек Сыдыков лейлек күрөшүн бел кур күрөшү деп атап Азия оюндарынын программасына киргизсе деген тилегин билдирди.
Алгачкы жылдары лейлек күрөшү студенттердин демилгеси менен өткөрүлүп келген. Кийин айрым ишкерлер колго алышкан. Үч-төрт жылдан бери Лейлек районунун айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп өтүп жүрөт. Быйылкы мелдештин демөөрчүлөрү - Кулунду айыл өкмөтүнүн жигиттери болушту.