Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Чыңгыз Мамедов Лондонго жолдомо алды


29-ноябрда Бишкекте ок атуу боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандык дзю-дочу Лондон олимпиадасына барат.

Кыргызстандык дзю-до чебери Чыңгыз Мамедов 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскулов билдирди.

- 5 кыргызстандык дзю-дочу Лондондогу олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар. Жолдомого ээ болгондордун ичинде 90 кило салмактагы Чыңгыз Мамедов да бар. Лондонго жолдомо алууга Ислам Баялинов (66 кг чейин), Азат Кубакаев (73 кг чейин), Алимбек Жусупов (81 кг чейин) жана Юрий Краковецкийдин да (100 кг жогору) толук мүмкүнчүлүгү бар.

Олимпиадага катышуу үчүн дзю-дочулар жолдомо берүүчү эл аралык турнирлерден 100 упай топтоосу керек. Мындай упайга кыргыз балбандары эки турнирде жетүүсү мүмкүн.

Кыргызстандын дзю-до боюнча курама командасына да Лондон олимпиадасына жолдомо берүүчү 7 турнирге катышуу керек.

Олимпиадалык оюндарда ар бир салмак боюнча дүйнөдөн тандалган 22 эң мыкты дзю-до чебери күч сынашат. Учурда Кыргызстандан Лондон олимпиадасына эки спортчу гана жолдомо алышты. Алардын бири марафончу Юлия Архипова, экинчиси Чыңгыз Мамедов.

Айылдык мергендерге көңүл бурулбайт

26-ноябрдан 29-ноябрга чейин Бишкектеги Фучик паркындагы тирде ок атуу боюнча өлкө чемпионаты өттү. Мында Жалал-Абад, Чүй облустарынын, Бишкек шаарынын жана Коргоо министрлигинин 60 мергени мөрөй талашты. Мергендер жел мылтык, тапанча жана сайлуу мылтык атуу боюнча өнөрүн көрсөтүштү.

Кыргызстан ок атуу боюнча өткөрүлгөн дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына үзгүлтүксүз катышып келет. Өткөн айда Кувейтте өткөн ок атуу боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Бактыгүл Махмадова бешинчи орунга ээ болгон. Бактыгүл жаңырган жылдын 12-январында Катардын борбору Дохада өтө турган Азия чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди.

Ок атуу боюнча өлкө чемпионаты 29-ноябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Жигиттерден Руслан Исмаилов, кыздардан Сабина Исмаилова жеңүүчү болушту.

Астанадагы теннис таймашы

Астанада теннис боюнча эл аралык турнирде бишкектик Данияр Дулдаев экинчи айлампада украиналык Максим Малышевди утуп алды. Дулдаев биринчи атаандашы казакстандык Кайрат Кошеровду да жеңген.

Чокморовдой жигит чыгабы?

Учурда Бишкекте волейболдон кыргыздын белгилүү кино ишмери, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү мелдеши өтүүдө. Мында Баткен облусунан башка бардык аймактардан командалар келип, таймашуу курч мүнөздө болуп жатат.

Өлкөнүн чемпиону “Салам-Алик” жана Ички иштер министрлигинин, Нарын облусунун “Теңир-тоо-Замандаш” командалары алгачкы беттешүүлөрдө утушка ээ болушту.

"Ысык-Көлдүн “Жаңы муун”, Ош облусунун “Ош бажысы” командалары даы баш байгеге талапкер болушу ыктымал", - дейт волейбол ардагери Суйөркул Чокморов.

Шмель” – жеңүүчү

Бишкекте үстөл теннисинен спорт клубдар арасында өлкө чемпионаты аяктады.

Мында Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстандын 14 спорт клубу мөрөй талашты. Баш байгени Бишкектин “Шмель” клубу жеңип алды.

Экинчи орун Казакстандын "Best Oil – Масанчи" командасы ээ болду. Коло байге Бишкектин “Газпром нефть Азия” спорт клубуна ыйгарылды.

Билеги күчтүү байге алды

Пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн элүүгө жакын балбан күч сынашты. Мында Алымбек уулу Азамат, Руслан Сахбетов, Сергей Комышев баштаган жигиттер мөрөй алышты.

Кыздардан Айсулуу Карынбаева баш байгенин ээси болду. Командалык эсепте Бишкектин Strong спорт клубу биринчи орунду камсыз кылды.

Чоюнду жеңгендер

Бишкекте чоюн көтөрүүдөн да өлкөнүн ачык кубогунун күч сынашуулары жыйынтыкталды. Мында Кыргызстан менен Казакстандын жүздөн ашуун чоюн билек балбандары мөрөй талашты. Жыйынтыгында жеңил салмакта таластык Азамат Боромбаев, орто салмактарда бишкектик Евгений Беляев менен Александр Петров жеңүүчү деп таанылды.

Оор салмактарда таластык Андрей Кармаков менен бишкектик Аскар Бактыгулов биринчи орунду камсыз кылышты.

Чоюн көтөрүүдө таластык кыздар Бактыгүл Асылбекова менен Насипа Анарбекова жана казакстандык Алия Камбаровага теңдеш чыкпады.
XS
SM
MD
LG