Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Мектепке шахмат оюнун киргизүү сунушталды


Бишкекте грек-рим күрөштөн эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковду элесине арналган эл аралык бокс турнири башталат.

19-январдан бери Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештик кубогу үчүн беттешүүлөр өтүүдө. Мында Кыргызстан курама командасы “В” тобунда ойноду. Бул топто Кыргызстан менен Украина, Молдова жана Латвия жаштар командалары беттешти.

Алгач Кыргызстандын жаштар курама командасы Латвия футболчуларынан 3:2 эсебинде утулуп, украиналыктарга да 4:0 эсебинде жеңилди. Акыркы атаандашы Молдова жаштар курама командасынан дагы 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Натыйжада Кыргызстандын жаштар курама командасы турнирден чыгып калды.

Шериктештиктин кубогу 29-январга чейин уланат. Бул жолу 12 өлкөнүн курама командалары катышууда. Башка жылдардан айырмаланып, быйыл кубоктун алкагында улуттук курама командалар эмес, жаштар курама командалары беттешип жатат. Грузия, Азербайжан, Армения жана Өзбекстандын жаштар командалары бул турнирге катышкан жок.

Балбанды жашында сынайт

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнир жыйнтыкталды. Мында Кыргызстан менен Казакстандын 14-16 жаштагы өспүрүм балбандары күч сынашты.

Мелдешке 450 спортчу катышып, жеңил салмакта Жумадыл уулу Бекжан, 30 кг салмакта Жоломан Шаршенбеков, 33 кг – Бекзат Мааткабылов, 36 кг – Абдумалик уулу Адилет, 39 кг – Төрөбай уулу Иброхим, 46 килограммдык салмакта Амантур Исмаилов мыкты деп тааанылды.

Бул мелдештин баш байгесин уткан Адилет Оморов келечекте Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов сыяктуу кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан балбан болуу максаты экенин “Азаттыкка” айтып берди.

Мындан тышкары, 50 кг – Алимбек Абдырахманов, 54 кг – Сагындык уулу Арген, 58 кг – Майрамбек уулу Улан, 63 кг – Илим Билимов, 69 кг – Лука Орлов, 76 кг – Илгиз Билимов, ал эми эң жогорку 85 килограммдык салмакта Өзер Жусупбеков жеңүүчү болду.
Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Абдымажит Төрөкуловдун пикиринде, грек-рим күрөшүнө кызыккан жаштар арбын болгону менен өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбайт.

Шахмат мектеп программасына кирет

24-январда парламенттин билим берүү комитетинин жыйынында “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун демилгеси менен өлкөдө шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү. Депутаттын айтымында, өлкөдө дене тарбияга көңүл бурулуп жатканы менен адамдын интеллектуалдык өнүгүүсүнө маани берилбей келет.

Мыйзам долбоорунда 20-июлду Шахмат күнү деп белгилөө, мектеп программасына шахмат оюнун киргизүү да сунушталган.

Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун пикиринде, мындай мыйзам кабыл алынса, мектеп окуучуларынын интеллектуалдык деңгээли жогорулап, илим-билимге болгон кызыгуу артмак.

Алты өлкөнүн мушкерлери таймашат

25-январда Бишкекте Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү эл аралык бокс турнири башталат. Өлкөнүн башкы устаты Адылхан Бекболотовдун айтымында, мелдешке катышуу үчүн Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан эки жүзгө жакын тандалган бокс чебери келди. Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү 29-январда аныкталат.
XS
SM
MD
LG