Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Бокс: Олимпиада үчүн таймаш


9-апрелде Астана шаарында бокс боюнча Лондон олимпиадасына жолдомо берилүүчү Азиялык турнирде кыргызстандык Сергей Скляров жарым финалга чыкты.

Бокс: Астанада олимпиада үчүн таймаш

9-апрелде Казакстандын борбору Астанада бокс боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган эл аралык мелдеш уланды. Бул турнирде кыргызстандык 9 бокс чебери күч сынашты. Тилекке каршы алдыдагы таймашууларда алтоо утулуп, үчөө гана мелдешти андан ары улантып жатышат.

Бул таймашуулар, кимдер жарым жана чейрек финалга чыкканын бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкулов “Азаттыкка” айтып берди:

- Жеңил жана 60 кг. салмакта Лондон олимпиадасына биринчи орун үчүн гана жолдомо берилет. Ошондуктан бул таймашууларда кыргыз жигиттери утушу арсар. Аларга үмүт артпай эле койсок болот. Сергей Скляров (81 кг.) финалга чыгуу үчүн ал Жакон Курбанов (Тажикстан) менен беттешет. Эгерде аны утса, Сергей Скляровго Лондонго жол ачылат.

9-апрелде рингге жеңил салмакта Асылбек Назаралиев жапондук Алмазбаули Ийхаб менен чыгып, 6:4 эсебинде жеңилип калды. Чейрек финалда 60 кг. салмакта Абдилай Анарбай уулу филиппиндик Шаруу Суарез менен беттешет. Жарым финалга чыккан Сергей Скляров 11-апрелде Азия чемпиону, тажикстандык Жакон Курбанов менен күч сынашат. Сергей Скляров (81 кг.) чейрек финалда ливандык Хайдар Мансурду 18:9 эсеби менен жеңип алды.

Тилекке каршы, Астанада спорт күйөрмандарынын үмүтүн боксчулар актай албай жатат. Асадулло Баймурадов, Өмүрбек Малабеков, Ислам Далибаев, Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов жана Чыңгыз Борбашев жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.

Астанада 28 өлкөнүн 130 бокс чебери мөөрөй талашууда. Бул турнирдин жеңүүчүлөрүнө Лондон олимпиадасына 25 гана жолдомо ыйгарылат.

Жеңил атлетика: Лондон үчүн марафон

Азия оюндарынын чемпиону, жөө күлүк Татьяна Борисова Түштүк Кореяда Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн эл аралык марафондук жарышка катышты. Бул мелдеш тууралуу азырынча маалымат жоктугун Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” билдирди:

- 8-апрелде Түштүк Кореянын Дэгу шаарында 42 км. 195 метр аралыкка эл аралык марафондук жарыш болду. Мында жеңишке жеткендерге жана олимпиаданын талаптарына ылайык арбын упай топтоп, белгиленген эрежелерди аткарган спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды.

Былтыр АКШда өткөн эл аралык марафондук жарышта кыргызстандык жөө күлүк Юлия Архипова Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Волейбол: Алгач ирет Азия чемпионаты

9-апрелде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында волейбол боюнча студенттер арасында Азия чемпионаты башталды. Эгемен өлкө болгону Кыргызстандын кыздар командасы Азия чемпионатына алгач ирет катышууда. Бул мөөрөй талашууга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Малайзия, Гонконг, Тайланд жана Монголиянын командалары беттешүүдө.

Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаковдун айтымында, кыргызстандык волейболчу кыздар 10-апрелде биринчи беттешүүнү Тайланддын командасы менен өткөрөт.

Акыл таймашы

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде шахмат боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Мында жеңишке жетишкен шахматчылар быйыл күзүндө Стамбулда өтө турган бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына жолдомо алышат. Бул акыл таймашуулары тууралуу уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаев “Азаттыкка” маалымдады.

Улуу устаттын урматына

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Ремезовду эскерүү эл аралык мелдеши өттү. Мында Кыргызстан жана Казакстандын 18-20 жаштагы уландар жана жаштар күч сынашты. Мында кыргыз балбандары артыкчылык кылышты.

Тай-цзи-ден соолукка дабаа

9-апрелде дүйнө коомчулугу Тай-цзи-чыгыш өнөрүнүн күнүн белгилешти. Бул саамалык Кыргызстанда дагы 1997-жылдан бери ар жыл сайын белгиленип, көчөт, бак-дарактар олтургузулуп, мелдештер өткөрүлүп келет.

- Быйыл да ушундай салт уланып, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр аткарылып, миңдей шакирт сындан өттү, - дейт Тай-цзи- Кармаш Тай-Цзициюань Интернэшил бирикмесинин жетекчиси Медер Бишкек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG