Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Магомед Мусаев Лондон олимпиадасына барат


Балбан Магомед Мусаев
Балбан Магомед Мусаев

Кытайда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Магомед Мусаев эркин күрөштө 2-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Кытайдын Тайюан шаарында өткөн Лондон олимпиадасына жолдомо берүүчү мелдеште кыргызстандык 6 балбан мөөрөй талашты. Жыйынтыгында 96 кг. салмакта күч сынашкан Магомед Мусаев 2-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Ал килем үстүнө төрт ирет чыгып, индиялык Маусам Хатри, польшалык Радослав Баранды жана түштүк кореялык Же-Сунг Кимди жеңип алды. Финалда баш байге үчүн таймашууда Мусаев азербайжандык Хетаг Газымовго аз упай менен жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтымында, экинчи орунду камсыз кылган кыргызстандык Магомед Мусаевдин ошентип Лондон олимпиадасына жолу ачылды.

- Бул олимпиадалык жолдомо үчүн эл аралык турнирде ар бир салмакта жеңүүчүлөргө үчтөн жолдомо ыйгарылды. Экинчи орунду ээлеген биздин Магомед Мусаев эми Лондон олимпиадасына барып, өлкө намысын коргойт.

Магомед Мусаев 23 жашта. Ингушетияда төрөлүп, өскөн. Эркин күрөш менен машыкканына сегиз жыл болду. Бирок Орусияда күрөшүп жүргөндө, багы ачылбай ийгиликке жеткен эмес.

Эркин күрөш боюнча башкы устат Анарбек Үсөнкановдун айтымында, Магомед Мусаев Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкө намысын коргоп жатканына эки жыл болду.

Быйылкы жыл Магомед Мусаев үчүн жылдызы жанган көз ирмемдерди жаратууда. Жыл башында Кыргызстандын чемпиону аталып, ал тандалган балбандардын тобуна кошулган.

Быйыл февралда Түштүк Кореянын Гумми шаарында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык бардык атаандаштарын жеңип, 2012-жылдын Азия чемпиону аталган.

Март айынынын башында Чеченстандын президентинин байгесине арналган эл аралык мелдеште да мөөрөй алган.
29-мартта Астанада өткөн Азия өлкөлөрүнүн олимпиадалык жолдомо берүүчү турниринде дагы үчүнчү орунду ээлеген. Адистердин баамында, Астанада калыстар Магомед Мусаевдин упайын эсепке албай, басынтып койгон.

Колдон чыккан олимпиадалык жолдомолор

Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти, СССРге эмгек сиңирген устат Жеңиш Дөнбаевдин айтымында, Кытайда өткөн мелдеште Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев үчүнчү орунду ээледи. Бирок эки коло байге ээси кайрадан Лондон олимпиадасына жолдомо алыш үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында америкалык Шафин Бунчка Базаргуриев жеңилип, олимпиадалык жолдомону колдон чыгарды.

Кытайдын Тайюан шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде Каныбек Жолчубек, Атай Койчукулов, Канатбек Бегалиев, Жанарбек Кенжеев олимпиадалык оюндарга жолдомо ала албай калышты.

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун айтымында, кыргызстандык балбандар арасынан Каныбек Жолчубек жарым финалга жетип, коло байгелүү болду. Бирок Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн эки коло медаль ээлеринин кайра таймашуусунда өзбекстандык балбан Элмурад Тасмурадовго утулуп, жолдомодон куру калды.

Күрөш боюнча олимпиадага жолдомо берүүчү дүйнөлүк мелдеште алдыңкы 3 орунду алган спортчулардын Лондон Олимпиадасына жолу ачылды.

Олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу үчүн Азат Эркинбаев, Мурат Романов, кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Яна Панова жана Мехринизо Нурматова күрөшүп, байгелүү орундарга жетпеди.

Дагы бир мүмкүнчүлүк бар

Май айында балбандар үчүн Финляндияда Лондон олимпиадасына мыктыларды тандоонун акыркы мелдеши болот. Мында дагы Кыргызстандан эркин жана грек-рим күрөшүнөн алтыдан 12 балбан олимпиадалык жолдомо үчүн таймашууга барат. Адистедин баамында, дагы 2-3 балбан жолдомо алып калышы мүмкүн.

Оор атлетчилерде бир жолдомо

Түштүк Кореядан дагы бир кубанычтуу кабар келди. Бул өлкөдө оор атлетика боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталып, Кыргызстандын командасына Лондон олимпиадасына бир жолдомо ыйгарылды. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов “Азаттыкка” билдирди.Оор атлетчилерге ыйгарылган 1 жолдомо кимге берилээри жакында федерациянын жыйынында чечилет.

Олимпиадачы Чингиз Мамедов дале табында

29-апрелде Ташкент шаарында дагы дзю-до күрөшүнөн Азия чемпионаты да аяктады. Мында 17 өлкөнүн балбандары Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашты. Жыйынтыгында кыргызстандык балбандардан 90 кило салмактагы Чингиз Мамедов гана үчүнчү орунду ээледи.

Мамедов былтыр Лондон олимпиадасына жолдомо алып, бул ирет жеңишин бекемдеп койду. Мурда Азия чемпионаттарында мөөрөй алып жүргөн Ислам Баялинов менен Азат Кубакеев бул ирет бешинчи болуп калды. Кыздардан Назира Сарбашева да бешинчи орунду ээледи.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG