Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:19

Олимпиадага дагы бир кыргызстандык баратат


Лондон Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жатат.
Лондон Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жатат.

Лондон олимпиадасына дагы бир кыргызстандык спортчу жолдомо алды. Олимпиадага барчу спортчунун саны он экиге жетти.

10-майда дзю-до күрөшү боюнча Юрий Краковецкий Лондон олимпиадасына жолдомо алганы анык болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Назирдин Акылбеков билдирди.

Дзю-до боюнча дүйнө жүзүндөгү олимпиадалык иргеп алуу мелдештери соңуна чыгып, эл аралык Дзю-до федерациясы балбандардын упайларын санап чыкты. Натыйжада 100 кило салмактагы балбандардан арбын упай топтоого жетишкен кыргызстандык Юрий Краковецкийдин Лондон олимпиадасына жолу ачылды.

Мындан мурда 96 кило салмактагы Чыңгыз Мамедов Лондон олимпиадасына жолдомо алган.

12 спортчунун Лондонго жолу ачык

10-июнда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Лондон олимпиадасына даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Учурда 12 спортчу Лондон олимпиадасына жолдомо алып, даярдык көрүшүүдө.

Июнь айынын аягына чейин дагы 3-4 жолдомо алуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин "Азаттыкка" Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов айтты.

Учурда тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, кыргызстандык Антонина Шевченко жана Бактыгүл Усупбаева Кытайдын Кингхуангдао шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасында бокс боюнча Лондон олимпиадасына мыктыларды иргеп, жолдомо берүүчү турнирге катышып жатат. Мелдештин жеңүүчүлөрү 20-майда аныкталат.

"Дордой" клубу финалда ойнойт

Камбожада Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунда мыктыларды тандоо мелдеши соңуна чыкты. 9-майда Кыргызстандын жети жолку чемпиону “Дордой” клубу негизги атаандашы Камбожанын чемпиону “Пномпень Краун” командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Мурдагы беттешүүлөрдө “Дордой” клубу Непалдын "Непал Полис Клаб" жана Бутан өлкөсүнүн “Йездин” командаларын ири эсеп менен жеңип алган.

"Дордой" футбол клубунун вице-президенти Ырысбек Мааткабыловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, беттешүүлөр курч мүнөздө өттү.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун пикиринде, быйыл "Дордой" командасы финалдык беттешүүлөрдө ойноого укук алды.

- Ушул турнирде “дордойчулар” мурда эки жолу мөрөй алып жүргөн. Эки жыл мурда финалга жетпей өксүп калышкан. Бул ирет каталарды оңдоого, финалда жеңип чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Финалдык беттешүүлөр сентябрда Бишкек шаарында өтүп калышы да ыктымал. Биздин федерация Бишкекте өткөрүү тууралуу арыз-сунуш бердик. Азия футбол конфедерациясы бул маселени июнда чечет.

“Дордой” командасы 2006- жана 2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу уткан. “Дордойчулар” беш ирет финалда утулуп, экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болгон.

Тай бокстан таанылган Сарткалмаков

Тай бокс боюнча Ирандын президентинин кубогуна арналган турнирде кыргызстандык Мирбек Сарткалмаков үчүнчү орунду ээледи.

Ал аргентиналык жана жаңы зеландиялык атаандаштарын жеңип алды. Жарым финалда өзбекстандык спортчуга аз упай менен утулуп, коло байгелүү болду.

Римдеги олимпиада үчүн таймаш

Учурда Италиянын борбору Римде спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында дүйнө жүзүнөн тандалган 120 спортчу мөрөй талашууда.

Алардын катарында кыргызстандык үч жигит: Никита Кузнецов, Антон Новиков жана Марат Кожомбердиев бар. Мында жеңишке жеткен спортчулар Лондон олимпиадасына катышууга жолдомо алышат.

Шахматтан Азия чемпионаты

4-майдан бери Вьетнамдын борбору Ханойдо шахмат боюнча Азия чемпионатынын акыл таймашуулары өтүп жатат. Мында өлкө намысын жигиттерден Эмил Сапар, кыз-келиндерден өлкө чемпиону Нуриса Оторбаева коргоп жатат. Кыздардан кырктан ашуун атаандашынан Нуриса Оторбаева жоон ортодо келатат. Эмил Сапар 72 шахматчыдан азырынча ийгилик жарата албай турат.

Кытайда чемпион болгон кыргыз

Кытайдын Ланчжоу шаарындагы университетте билим алып жаткан кыргыз студенти Мирлан Жолдубаев жаштардын Спарткиадалык оюндарында 2 алтын, 1 күмүш медаль утуп, чемпион аталды.

Мирлан Жолдубаев 1500 метрге жарышта марага биринчи келди. Ошондой эле топту 66,5 метр алыс ыргытып, баш байгени ээледи. Кыргызстандык Жолдубаев 400 метрге жарышта да марага экинчи келип, күмүш байге утту.

Генерал Иван Панфиловду эскерүү турнири

Бишкекте ар жыл сайын өтүп жүргөн Советтер Союзунун баатыры, генерал Иван Панфиловду эскерүү эл аралык грек-рим турнири жыйынтыкталды. Мында Кыргызстан жана Казакстандын 230 балбаны мөрөй талашты. Жеңил жана 96 кг. салмактарда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын студенттери Нуржигит Ташболот уулу менен Мурат Мырзакмат уулу баш байгенин ээси болду.

66 кило салмакта жалалабаддык Кыялбек Ибраимов биринчи орунду ээледи. 60 жана 84 кило салмактарда баш байгени казакстандык Айдин Нугуманов менен Максат Баярыстанов утуп алышты. Оор салмакта Бишкектеги “Бүркүт” спорт клубунун өкүлү Азамат Коңурбаевге теңдеш балбан чыкпады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG