Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Данияр Көбөнов - олимпиадачылардын капитаны


Жөө күлүк Эржан Аскаров Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Кыргыз өкмөтү Лондон олимпиадасындагы жеңиш үчүн акчалай сыйлыктарды белгиледи.

Кыргызстандык жөө күлүк Эржан Аскаров жеңил атлетика боюнча Лондон олимпиадасына жолдомо алды. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” маалымдады.

Маалыматка ылайык, Эл аралык жеңил атлетика ассоциациясы Эржан Аскаровго олимпиадага катышуу укугун берген. “Бул жолдомо спорттун түрүнүн баркын көтөрүү максатында берилди ”, - деди федерациянын жетекчиси Канат Аманкулов.

27 жаштагы каймана аты “Маугли” аталган спорт чебери Эржан Аскаров Лондон олимпиадасында 800 метр аралыкка чуркоо жарыштарына катышат.

Ошентип Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 14 жолдомого ээ болду. 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиадага кыргызстандык 20 спортчу жолдомо алган.

Кыргыз туусун Бекзат Осмоналиев көтөрөт

Лондон олимпиадасына жолдомо алган 14 спортчудан Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов улуттук команданын капитаны болуп тандалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов билдирди.

16-июлда президент Алмазбек Атамбаев кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Данияр Көбөновго Кыргызстандын туусун расмий тапшырат. Бирок Данияр Көбөнов Лондон олимпиадасынын грек-рим күрөш таймашына 4-августта катышканы тургандыктан Лондон олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргыз туусун оор атлетчи Бекзат Осмоналиев көтөрүп чыкмак болду.

Сыйлыктар белгиленди

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин айтымында, Лондон олимпиадасында спортчулардын жогорку ийгиликтерге жетишүүсүнө өбөлгө түзүп, шыктандыруу максатында ири өлчөмдө акчалай сыйлыктар белгиленди.

Кыргыз өкмөтү Лондон олимпиадасындагы спортчулардын жеңиши үчүн акчалай сыйлыктардын өлчөмүн бекитти. Алтын медаль утуп, чемпион болгон спортчуга 200 миң доллар сыйлык катары ыйгарылат. Күмүш байгеге 150 миң доллар белгиленди. Лондон олимпиадасында үчүнчү орунду камсыз кылган спортчу 100 миң доллар менен сыйланат.

Олимпиадада 8-орунга чейин упай берилип, байгелүү деп саналат. Ошондуктан кыргыз өкмөтү 4-орундан 8-орунга чейин да акчалай сыйлыктарды белигиледи. Төртүнчүгө 35 миң, бешинчиге 30 миң, алтынчы орунга 25 миң, жетинчиге 20 миң жана сегизинчи орун үчүн 15 миң доллар сыйлык катары ыйгарылат. Лондон олимпиадасында байгелүү орундарды камсыз кылган спортчунун башкы устаты сыйлыктын өлчөмүнүн 70 пайызына, жеке машыктыруучусу 50 пайызды өзүнчө алышат.

2008-жылдагы Бээжин олимпиадалык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй сыйлыктар тапшырылган: күмүш медаль үчүн балбан Канат Бегалиевге 100 миң доллар жана ЖИП үлгүсүндөгү автоунаа, 3-орун үчүн Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар жана ЖИП үлгүсүндөгү автоаргымак ыйгарылган.

Якутиядагы "Азия балдары" оюндары

Кыргызстандык жөө күлүк Ксения Прокопьева Якутияда өтүп жаткан “Азия балдары” V эл аралык спорт оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Жазгүл Аликкева билдирди.

- Жеңил атлетика боюнча Ксения Прокопьева 400 метр аралыкка чуркоодо 57:89 секунда убакытта келип, алтын медалды жеңип алды.

32 кг салмактагы эркин күрөш боюнча мелдеште Талгат Тынчтыкбеков финалга чейин жетип, 2-орунду ээледи. Кеңеш уулу Ислам 50 кило салмакта күрөшүп, коло байгелүү болду.

“Азия балдары” V Эл аралык спорт оюндары Якутия мамлекетинин Якутск, Мирный жана Нерюнгри шаарларында өтүп жатат. Ага 3 миңге жакын жаш спортчу жана алардын жетекчилери катышууда. Кыргызстандын делегациясы 50 адамдан түзүлгөн. Алардын арасында балбандар, самбо чеберлери, шахматчылар, жеңил атлетчилер, гимнасттар, сууда сүзүүчүлөр жана башка спортчулар бар.

“Азия балдары” спорттук оюндары ар төрт жылда бир жолу өткөрүлөт жана бул жолку оюнга 20дан ашуун өлкөнүн жаш спортчулары катышып жатат. Кыргызстандан 17 жашка чейинки мыкты 50 спортчудан түзүлгөн курама топ спорттун 10 түрү боюнча мелдешке катышууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG