Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Теннис: "Байлардын оюнун" талашкандар


Бул күндөрү Бангладеште теннистен Дэвис Кубогунун мелдеши өтүүдө. Мында кыргызстандык жигиттер Бахрейн жана Иордания командаларын утуп алышты.

Бангладештин борбору Дакка шаарында өтүп жаткан Дэвис Кубогунда кыргызстандык Денис Сиротин бахрейндик Хасан Абдул-Набиге утулуп калды. Бирок Денистин өнөгү Данияр Дулдаев дагы жеке таймашта бахрейндик Халеда Аль Тавадини жеңди. Жуп болуп ойноодо кыргызстандык жигиттер Бахрейн командасын утуп, кийинки беттешүүлөргө жол ачты. Алар Иорданиянын теннисчилери менен күч сынашып, экинчи ирет жеңишке жетти. Эмки атаандаштары Катар өлкөсүнүн командасы болот.

Кыргызстандыктар Азия аймагынын 4-тайпасында Бахрейн, Катар, Бангладеш, Ирак, Сингапур, Түркмөнстан жана Иордания өлкөлөрүнүн командалары менен ат салышып жатышат.

Эми көпчүлүктүн көңүлүн бурган теннис оюну, аны менен кимдер машыгаары, теннистин наркы-баркы тууралуу учкай баяндай кетели.

Теннис деген француз сөзү (tenes), кыргызчасы “ме, ал” дегенди эле туюндурат.

Бишкектик Алмаз Кудайбергенов бул оюнду байлардын спорту деп коюшааарын айтып, карапайым жарандардын балдары теннис менен машыгууга чамасы жетпестигин айтты:

- Аны чоң теннис, лаун-теннис деп да атап жүрүшөт. Анын катышуучулары ракетка менен атайын аянт - кортто топту ашыра уруп, белгиленген сандагы упай топтоого аракет кылат. Бул оюнду 2 же 4 киши теннис кортунда ойнойт. Бирок бул оюнду карапайым адамдын уул-кыздары ойной албайт го дейм. Себеби бир айлык чыгымы эле бир үй-бүлөнүн бюджетине барабар.

Теннис адамдын дене-тарбиялык жактан өнүгүшүнө, ден соолугунун чың,чымыр болушуна, жакшы эс алышына көмөк берет- дейт өлкөгө эмгек сиңирген устат Бообек Кадыркулов:

- Аны жаш курагына карабастан жыл бою ойноого болот. Бул оюндун негизи Италияда, Францияда жана Англияда биринчи пайда болгон. Учурда ойнолуп жүргөн теннистин эрежесин 1873-жылы англис У.Уингфилд иштеп чыккан. Оюн кум аралаш топурак, көк майсаң, жыгач же асфальт төшөлгөн корттордо өткөрүлөт.

Теннистин ракеткалары жыгач, желим же жеңил темирден жасалат, алкагына нукура же синтездик кыл керилет. Балдар ракеткасынын салмагы – 255-340 г, чоңдордуку - 340-400 г. болот.

Уул-кыздарын теннис менен машыктырып жүргөн бишкектик ишкер Таалайбек Дүйшөевдин айтымында, арзан ракетканын баасы 1,5-2 миң сом, кымбаты 15-20 миң сом турат.

Ошондой эле бир айга бир кызы үчүн эле теннис менен машыгуусуна 30-40 миң сом чыгымдаарын Таалайбек Дүйшеев билдирди.

Кыргызстандын теннис федерациясынын өкүлү Юрий Галушкиндин айтымында, өлкөдө 15тен ашуун теннис корту бар:

- Балдардын спорттук үч теннис мектеби Бишкекте, анын бөлүмдөрү Ош, Каракол жана Токмок шаарларында уюштурулган. Теннис менен машыктырган жеке менчик клубдар, теннис академиясы да иштейт. Теннис академиясына бир айга бир баланын машыгуусу үчүн 300-400 АКШ долларын ата-энелери төлөйт. Ошондой эле эл аралык талаптарга жооп бербеген коммерциялык максатта курулган аянчалар да бар. Жыл өткөн сайын теннис менен машыгууну каалагандардын саны өсүп баратат.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн Ксения Палкина учурда Италияда машыгып, турнирге катышууга камылга көрүүдө.

Ксениянын апасы Марина Палкина кызы эл аралык бир мелдешке катышуусу үчүн 3-4 миң АКШ долларын коротоорун айтып, кызым дагы өзү үчүн бир аз каражатты теннис аркылуу табат дейт:

- Кызым Ксения 14 жылдан бери теннис менен машыгат. Ал эл аралык мелдештерге катышып, өлкө намысын коргоп жүрөт. Бир айда 2-3 мелдешке катышса, 6-7 миң АКШ доллары чыгымдалат. Айрым каражатты өзү да таап, бир аз жеңилдик кылып жүрөт.

Учурда теннис ойноп, ден соолугун чыңдап жүргөн экс-премьер-министрлер Кубанычбек Жумалиев, Николай Танаев, спикер Акматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Султанов, Бакыт Төрөбаев, Канатбек Исаев, Бишкек мэри Иса Өмүркулов, генералдар Өмүрбек Кутуев, Абдыгул Чотбаев жана башкаларды айтсак эле, бул оюндун баркын баамдап билээрсиздер.

Баса, учурда тенниске байланыштуу дагы бир чырлуу жайдай өкүм сүрүүдө. Өлкөнүн массалык маалымат каражаттары жакында бишкектик ишкер Марат Тенизбаев өлкөнүн теннис федерациясына президент болуп шайланды деген маалымат тараткан. Бул чогулуш мыйзамсыз өтүп, ага теннис федерациясынын мүчөлөрү катышпаганын федерациянын аткаруучу директору Георгий Котляревский “Азаттыкка” айтып берди:

- Теннис федерациясындагы бийлик талашуунун чыры дагы уланчудай. Себеби теннис федерациясын көп жылдар боюу мурдакы өкмөт башчы Николай Танаев жетектеген. Андан кийин уулу Александр Танаевге мураска калтыргандай уюмдун президенттигин мыйзамсыз өткөрүп берген. Былтыркы 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Александр Танаев федерациянын жалпы чогулушун өткөрбөй туруп, жетекчиликке Марат Тенизбаевди дайындап койгон.

Марат Тенизбаев болсо бардыгы мыйзамдуу болгонун айтып, бирок “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты.

Теннистин эл аралык федерациясы 1913-жылы уюштурулган. Ага эки жүзгө жакын өлкө мүчө. 1896-жылдан 1926-жылга чейин жана 1988-жылдан бери Олимпиадалык оюндардын программасына кирген. Дүйнөнүн чемпионаттары 1978-жылдан, Европаныкы 1969-жылдан бери өткөрүлүп келатат.

Теннис боюнча дүйнөлүк мааниге ээ болгон бир катар ири мелдештер бар. Дэвис кубогу (1900-жылдан тартып өткөрүлөт), Англиянын биринчилиги - Уимблдон турнири (1877-жылдан), Париждеги Франциянын, Форест-Хиллдеги АКШнын ж-а Аделинддеги Австралиянын биринчиликтери, Федерациянын кубогу (1969-жылдан) болуп саналат. Бирок кыргызстандык бир дагы теннис чебери эл аралык ири мелдеште мөрөй алыша элек.
XS
SM
MD
LG