Баскетбол узундугу 26 метр, туурасы 14 метр болгон төрт бурчтуу аянтчада ойнолот. Оюнчулар атаандашынын алкагына топту кол менен ыргытып түшүрөт. Оюн ар кандай кыймылдардан (чуркоо, секирүү, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнөздөлөт.
Оштогу "көчмөн" баскетболчулар
Ошто 2018-жылдын апрелинде түзүлгөн "Nomad" баскетбол кыймылы мелдештерге катышып, ийгилик жарата баштады. Баскетболчу улан-кыздар жөнүндө фотобаян. Сүрөттөрдүн автору - Азамат Алымкулов.

1
Айбек топту алкакка ыргытып жатат. 2018-жыл, декабрь.

2
Баскетболчу Атай. “Газпром” спорт-комплексиндеги оюн учуру. 2018-жыл, ноябрь.

3
Баскетболго кыз-жигиттер бирдей кызыгып, бирдей таймашат.
Ош мамлекеттик университетинин баскетбол аянтчасы. 2018-жыл, апрель.
Ош мамлекеттик университетинин баскетбол аянтчасы. 2018-жыл, апрель.

4
Алтай менен Атай. "USB" командасы машыгуу маалында.

5
Коңшулар мелдешке келген кез.
"Osh basket fest-2018” иш-чарасына Өзбекстандан келип биринчи (Наманган) жана экинчи (Фергана) орунду алган команданын кыздары.
"Osh basket fest-2018” иш-чарасына Өзбекстандан келип биринчи (Наманган) жана экинчи (Фергана) орунду алган команданын кыздары.

6
"Osh basket fest-2018" турнири башталып жаткан учур. Ага Кыргызстан менен Өзбекстандан 36 команда катышып 65 таймаш өткөн. 2018-жыл, октябрь.

7
Топ баскетбол алкагына түшүп жатат. Баскетбол адамдын дем алуу органдарынын, жүрөк-кан тамырдын иштөө функциясын жакшыртып, кыймылга оң таасир берет. Организм чыйралат.

8
Баскетболчулар умтулган шакек.

9
Топту алкакка түшүрүү үчүн да өзгөчө даярдык керек.

10
Руслан Мазитов, калыс. Баскетболдогу 3х3 эрежесин үйрөтүп жатат.

11
Оштун Ноокат району менен Өзбекстандын Фергана облусунун командалары күч сынашып атат.

12
Жоодар менен Атай. "USB" командасы. 2018-жыл, октябрь.

13
Келечектеги баскетболчу. Эрежеге ылайык, баскетболду балдарга үйрөтүүнү 9-10 жашынан, атайын машыгууларды 11 -12 жашынан баштаса болот.

14
Баскетболчу кыздар.

15
"Nomad" командасынын машыктыруучусу эрежелерди түшүндүрүп жатат.

16
Шакир Куранбаев, калыстык кылып жаткан кез. Бүткүл дүйнөлүк маңзатка каршы күндүн урматына уюштурулган 3х3 таймашы учуру. 2018-жыл, июнь.

17
Эрмат Жолдошов топту ыргыткан учур. Оштогу беттештердин бири. 2018-жыл, июнь.

18
Баскетбол (англ. basket — себет, ball — топ) - бул беш оюнчудан турган эки команданын арасында ойноло турган спорттун түрү.

19
Күйөрман.

20
Бишкекте өткөн “Gines Open Court Fest” турниринин жеңүүчүлөрү. 2018-жыл, июль.