Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Кыргыз мушкерлери мыкты аталды


Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 38-жолу өткөрүлдү.
Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 38-жолу өткөрүлдү.

Бишкекте Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш 1-февралда аяктады. 5 күнгө созулган таймаштарга 9 өлкөдөн 170ке жакын мушкер катышып, 10 салмак ченинде күч сынашты.

Финалдык таймашка Кыргызстандан сегиз мушкер чыгып, алардын арасынан бешөө чемпион болду.

49 кг. салмакта кыргызстандык эки мушкер баш байге үчүн күч сынашты. Азия оюндарынын коло байге ээси Турат Осмонов менен Рахманкул Аватов беттешип, жеңишке Аватов жетип, алтын байге алды. Бул салмакта коло байге Мирлан Түркбай уулуна (Кыргызстан) жана Мурофчон Расуловго (Тажикстан) буюрду.

52 кг. салмакта кыргызстандык Жаныбек Мусаев өзбекстандык Аброр Кадыровду ири айырма менен 3:0 эсепте утуп, алтын медал тагынды. 3-орунга Канатбек Абдувахоб уулу (Кыргызстан) жана Азамат Исакулов (Казакстан) ээ болду.

56 кг. салмакта таиланддык Онгжунта Танес менен кытайлык Ли Кангжиан таймашып, бул беттеште Таиланд мушкери демилгени колго алып, утуш ээси болду. Якуб Мередов (Түркмөнстан) жана Бек Камчыбеков (Кыргызстан) 3-орунду алышты.

Д.Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин 60 кг. салмак чениндеги байге ээлери. Бишкек. 1-февраль 2015-ж.
Д.Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин 60 кг. салмак чениндеги байге ээлери. Бишкек. 1-февраль 2015-ж.

​60 кг. салмакта да эки кыргызстандык беттешти. Медер Мамакеев Акжол Сулайманбек уулун 2:1 эсеби менен утуп, жеңишке жетишти. Тигрян Излян (Орусия) менен Роман Шегринов (Казакстан) бул салмакта коло медалды тагынышты.

64 кг. салмакта кыргызстандык Эрмек Сакенов орусиялык Григорий Лизуненко менен күч сынашып, баш байге үчүн айыгышкан таймаш өткөрүштү. Үч раундга созулган таймашта Эрмекке калыстар бир добуштан жеңишти ыйгарышты.

- Орусиялык атаандашым менен буга чейин да бир нече жолу беттешип утуп алгам. Бул сапар да күчтүү атаандаштыкта таймаш болду. Мелдешке жакшы даярдык менен келип, жеңишке жетүүгө аракет кылганбыз. Аракет текке кеткен жок. Алдыда бир нече маанилүү турнирлер бар. Эң негизги максат - Олимпиадага лицензия утуп алуу. Бул мүмкүнчүлүккө ээ болуш үчүн колдон келишинче аракет кылам.

Бул 64 кг. салмакта орусиялык мушкерлер Рабадан Исмаилов менен Дмитрий Хин коло байгени тагынышты.

69 кг. салмакта алтын байгени уткан өзбекстандык Махмуд Гаипов. Бишкек. 1-февраль, 2015-ж.
69 кг. салмакта алтын байгени уткан өзбекстандык Махмуд Гаипов. Бишкек. 1-февраль, 2015-ж.

69 кг. салмакта баш байге үчүн өзбекстандык Махмуд Гаипов менен монголиялык Уранчимег Монхерердене таймашка чыкты. Беттеш башталгандан кийин эле монголиялык мушкер жаракат алганына байланыштуу (кашы жарылды) беттеш токтотулуп, мөөнөтүнөн мурда жеңишти өзбек мушкери алды. Жарым финалдык таймаштарда утулуп калышкан кыргызстандык мушкерлер Ильяс Муканбаев менен Эркин Болотбек уулу 3-орунга татыктуу болушту.

75 кг. салмак ченинде финалда казакстандыктар Эрик Алжанов менен Нурсултан Жанабаев беттешип, 3:0 эсеби менен тараздык Нурсултан Жанабаев утушка ээ болду. Ал Шопоковдун элесине арналган мелдеш тажрыйба топтоого өбөлгө болгонун, таймаштар күчтүү атаандаштыкта өткөнүн айтып берди.

- Биринчи жолу бул мелдешке катышып, өмүрүмдө беттешпеген таиланддык, түркмөнстандык, биринчи номурдагы, дүйнө чемпиондугунун катышуучулары менен күч сынаштым. Ар бир таймаш күчтүү атаандаштыкта өтүп, жеңишти камсыздоо оңойго турган жок. Бул турнирден мен баа жеткис тажрыйба топтой алдым деп айтсам болот. Мен Тараз облусунун чемпиону болом. Учурда 22 жаштамын. Буйруса Казакстандын чемпиондугуна да катышып, дагы эл аралык мелдештерде да байге уткум келет.

81 кг. салмакта орусиялык Георгий Кушуташвили казакстандык Али Ахмедовду жеңип, чемпион болду. Рамазан Тауекел (Казакстан) менен Эркин Адылбек уулу (Кыргызстан) коло медалды тагынышты.

Д.Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште 91 кг. салмакта жеңүүчү болгон Чыңгыз Борбашев. Бишкек. 1-февраль, 2015-ж.
Д.Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште 91 кг. салмакта жеңүүчү болгон Чыңгыз Борбашев. Бишкек. 1-февраль, 2015-ж.

91 кг. салмакта финалда кыргызстандыктар Сергей Паренко менен Чыңгыз Борбашев баш байге үчүн күч сынашып, үч раундда тең артыкчылыктуу таймаш өткөргөндүктөн калыстар Чыңгыз Борбашевге жеңишти ыйгарышты.

Н.Нурсеитов (Казакстан) менен Сардор Бегалиев (Өзбекстан) бул салмакта 3-орунду ээлешти.

+91 кг. салмакта орусиялык Ярослав Дорончиев рингге чыкпагандыгына байланыштуу өзбек мушкери Баходир Жалолов мөөнөтүнөн мурда жеңиш ээси аталып, чемпиондук кубоктун ээси болду. Шермухамад Хакимов (Кыргызстан) жана Нурсултан Аманжолов (Казакстан) коло байгени тагынышты.

Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш 28-январда башталган. Ага 9 өлкөдөн 170ке жакын мушкер катышты. Кыргызстандын намысын 37 мушкер коргоду. Мелдешти өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 млн. 200 миң сом бөлүнгөн.

Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев мелдештер жогорку деңгээлде өткөнүн айтты.

- Быйыл катышуучу өлкөлөрдүн да катары кеңейди. Алгачкы жолу Таиланд жана Монголия курамаларынан мушкерлер катышты. Катышуучу мушкерлердин да саны көп болуп, таймаштар күчтүү атаандаштыкта өттү. Даярдыктары да мыкты экенин көрүүчүлөр да, машыктыруучулар да көрө алды. Бул мелдештен кыргызстандык мушкерлер дагы көп сабак алды. Алардын тажрыйба топтошуна көп салымын кошту.

Мелдештин жыйынтыгында бир катар спортчуларга, машыктыруучуларга Бокс федерациясы атайын сыйлыктарды тапшырды. Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Турат Осмонов эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алды. 64 кг салмакта алтын байге тагынган кыргызстандык Эрмек Сакенов турнирдин мыкты мушкери деп аталды.

Кыргызстандык мушкерлер 5 алтын, 3 күмүш, 7 коло байге топтошту.

Өзбекстандык мушкерлер 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло байге тагынышты. Ал эми Казакстан 1 алтын, 1 күмүш, 5 коло, Орусия 1 алтын, 1 күмүш, 3 коло, Түркмөнстан 2 коло, Тажикстан 1 коло, Монголия 1 күмүш, Таиланд курамасына 1 алтын байге таандык болсо, Кытай курамасы 1 күмүш байге алды.

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнир 38-жолу өтүп жатат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG