Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Азия чемпиону Митал Шариповдун абалы дурус


Оор атлетика боюнча Азия чемпиону Митал Шариповго жакында ашказанына операция жасалып, ооруканадан чыкты. Ал кыргыз спортун тааныткан сейрек балбандардын бири.

Сидней жана Афина олимпиадасынын катышуучусу Митал Шарипов учурда Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач айылында жашайт. Жубайы, үч баласы жанында ден соолугун тилеп, күйпөлөктөп жүрүшөт.

Митал өзү далай оордукту багындырганын, кайратынан жазбай турганын айтып, "ооруга да моюн бербейм" деп отурду.

- Ден соолук дурус эле. Жакында ашказанымды операция кылышкан. Таза болуп чыкты, бирок ашказандын жанында шишик бар экен. Буттарым шишип, басалбай турам. Далай оордукту көтөргөн жаным ушул оорууга оңой жеңдирип коймок белем? Оору менен дагы күрөшүп жатам. Бул да тагдырдын бир сыноосу болсо керек.

Митал Шариповдун атасы Балтабай кыргыз жигиттеринен алгач СССР спорт чебери болгон. Ата жолун жолдогон Митал эгиздин түгөйү болгон. Кезинде ден соолугунун чабалдыгына карабай, учурунда эгемен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан чыккан.

Миталдын көксөгөнү – олимпиадалык чемпион болуу эле. Жыйырма жыл кыргыз туусун көтөргөн Митал эки олимпиадага катышканы менен байгелүү орунга жетпей калганына өкүнүп турду.

Бирок ал спорт менен таанылып, кадыр-барк күткөнүн, Кыргызстандын рекордун 10 ирет жаңыртканын айтып, спорттогу кайрат, күч-кубат ооруну да жеңүүгө себепкер болуп турганын кеп кылды.

- Жыйырма жыл оор атлетика менен машыктым. Алгач атам мага үлгү болсо, кийин олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев агай жол көрсөттү. Бактыма жараша мага мыкты устат Өмүржан Молдодосов туш келип, талантым ачылды.

Артымдан далай жаштар ээрчиди. Кыргыз туусун Азия оюндарынын, Афина олимпиадасынын салтанаттуу ачылыш аземинде көтөрүп чыктым. Көп жолу өлкө рекордун жаңырттым. Жулкуп көтөрүүдө 170 кило, түртүп көтөрүүдө 207 кг. оордукту багындырдым. Спорт менен өзүмдү да, өлкөмдү да тааныттым. Спортко арнаган тагдырыма эч өкүнбөйм. Кайра ооруну жеңүүгө, кайраттуу, чыдамкай болууга спорт себепкер болуп жатат.


Азия чемпионаттарында бир нече жолу байге уткан Митал Шариповду Филиппин, Казакстан, Түркия жана башка мамлекеттер чакырып, жакшы шарт түзүп, жогору айлык коюп берүүгө убада кылышкан.

- Эгемендикке жаңы жетишкен Кыргызстанды таштап кетүүгө эрким жетпеди, намысым жол бербеди.

Азиянын көп жолку чемпиону, учурда Бишкектеги оор атлетика спорт мектебинин жетекчиси Улан Молдодосов Митал жаштарга үлгү болгонун, ооруга туруштук берген кайратын белгилеп, батыраак сакайып кетсе экен деген тилекте.

Оор атлетикадан дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев да Миталга ден соолук тилеп, анын мээнетин, адамкерчилигин жогору баалады.

- Жөнөкөйлүгү, мээнеткечтиги, чыдамкайлыгы, эрктүүлүгү, бийик адамкерчилиги менен Митал бардык жигиттерге үлгү. Ушундай чыдамкайлыгы менен оорусун да жашырып жүрө берген тура. Ал эгемен өлкөнү дүйнөгө таанытты. Анын спорттогу ийгиликтери Раатбек Санатбаевдин жеңиштери менен бирдей катарда турат.

Кыргыз эмгек сиңирген спорт чебер, 39 жаштагы Митал Талас облусунун Көк-Сай айылында оор атлетчинин үй-бүлөсүндө туулган. Азиянын эки жолку чемпиону аталган. Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү.

Митал Шарипов 1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

"Азаттыктын" жамааты да спортчуга ден соолук каалайт.
XS
SM
MD
LG