Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

Расул Абдураим: Баарын утса болот


Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчулардын бири – таэквондо чебери, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Расул Абдураим.

Таэквондонун WTF версиясы боюнча 80 килограмм салмактагы Расул Абдураим Лондон олимпиадасына жолдомо алган 12 спортчунун бири.

Кыргызстандын таэквондо боюнча көп жолку чемпиону, эл аралык спорт чебери Расул Абдураим былтыр 27-ноябрда Таиланддын Бангкок шаарында өткөн олимпиадалык тандоо турниринде үчүнчү орунду алган. Ушул коло байге менен кошо Расул Абдураимге Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылган.

Расул Абдураим "Азаттыкка" курган маегинде Таиланддагы мелдеш курч мүнөздө өткөнүн айтып берди.

- Түштүк Кореянын борбору Сеулда үч ай машыктым. Бангкоктогу мелдеш курч мүнөздө өттү. Жарым финалда жаракат алып калдым. Ошондой болсо да коло байге менен бирге Лондон олимпиадасына жолум ачылды. Лондондо ийгиликке жетүү үчүн талбай машыгуум керек. Лондон олимпиадасындагы негизги атаандаштарым кореялык, америкалык жигиттер болот.

Аракетчил жана мээнеткеч

Расул Абдураим таэквондо боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2008-жылы да Азиялык олимпиадалык иргөө мелдешинде 3-орунду ээлеп, Бээжин олимпиадасына жолун ачкан. Бээжин олимпиадасында алгачкы атаандашынан утулуп, мелдештен четтеп калган. Бээжин олимпиадасы Расул үчүн чоң сабак болду. Ошентип Расул Абдураим бул ирет Олимпидалык оюндарга экинчи жолу катышат.

Таэквондо федерациясынын президенти Алексей Пактын пикиринде, Расул Абдураим аракетчил, мээнеткеч жана өжөр балбан.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Канатбек Арпачиевдин айтымында, Лондон олимпиадасына Расул Абдураим Түштүк Кореяда даярдык көрүп жатат.

Руслан Абдураим (солдо)
Руслан Абдураим (солдо)
Бишкек шаарынын тургуну, эл аралык спорт чебери Расул Абдураим 23 жашта. Казакстандын Тараз шаарында төрөлгөн, улуту уйгур. 9 жашынан таэквондо күрөшү менен машыгып келет.

Расул 2 жашында ата-энеси менен Бишкекке көчүп келишкен. Ал кичине кезинде атасы каза болуп калган. Турмуштун түйшүгүн апасы экөө бирге тартып келет. Апасы да аны ар тараптан колдоого алып турат.

Учурда Расул Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсун аяктады. Ал жогорку окуу жайда сырттан билим алгандыктан учурда “Мегаком” компаниясында да иштейт. Спорттон тышкары бош убактысында достору менен кино көрүп, тоого чыгып эс алууну жактырат.

"Максатым - жеңиш"

Расул Абдураим учурда Лондон олимпиадасына Түштүк Корея өлкөсүндө даярдык көрүп, атаандаштарын талдоого алып жүрөт.

- Олимпиадалык оюндарда ар бир салмак боюнча дүйнөдөн тандалган таэквондо чеберлери күч сынашат. Лондон олимпиадасына чейин дагы 1 турнирге катышуум керек. Ошол мелдештерде да чеберчиликти сынап, даярдыкты жакшы деңгээлге жеткирүүм зарыл. Чынында Лондон олимпиадасында күчтүү атаандаштарым бар. Бирок жакшы даярдык көрсө, баарын утууга болот. Олимпиадалык медаль үчүн аракет кылам.

Расулга таэквондонун сырын, ыкмаларын терең үйрөтүп, табына келтирип таптап келаткан устаты - түштүк кореялык Ли Сын Гю:

- Таэквондо менен мектепте окуп жүргөндө 9 жашымда машыга баштагам. Биринчи устатым - Тимур Набиулин эле. Алгач өзүмдүн ден соолугумду чыңдоо, жеке коопсуздугум үчүн катышкам. Бара-бара адатка айланып, кийин тандалма команданын катарына кабыл алындым. 2008-жылы Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алгам. Бээжин олимпиадасында жаштык кылып, ийгилик жарата албадым. Эми Лондон олимпиадасына жакшы даярдык көрүп жатам. Баш байге үчүн аракет кылып, Лондон олимпиадасынын чемпиону болуу - башкы максатым.

Руслан Абдураим (оңдо)
Руслан Абдураим (оңдо)
Кыргызстандык таэквондочу Расул Абдураим Лондондо өтүүчү олимпиадалык оюндарда байгелүү орунга илинип калышы ыктымал. Бул тууралуу "Азаттыкка" Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликеева билдирди.

Учурда Расул Абдураим Сеул шаарына жөнөп жатат. Таэквондонун мекени болгон Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык турнирге катышып, даярдыгы сыналат. Андан кийин кореялык балбандары менен бирге даярдык көрөт. Себеби алардын балбандарынын чеберчилиги мыкты дешет адистер.

30-жайкы олимпиада оюндары Лондондо 2012-жылдын 27-июлунан 12-августуна чейин өтөт.

1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн жайкы олимпиадага эгемен өлкө катары Кыргызстан алгач ирет катышкан. Атланта олимпиадасына 33 спортчу жолдомо алып, Кыргыз туусун ачылыш аземде маркум Раатбек Санатбаев көтөрүп чыккан.

2000-жылы Сиднейде дзю-дочу Айдың Смагулов алгачкы олимпиадалык коло байге уткан. 2008-жылы Бээжиндеги олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш байге, Руслан Түмөнбаев коло медаль жеңип алышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG