Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Токтогул: эл өкмөттөн электр акысын доолады


Электр баасына нааразы болгондор. Токтогул. 5-февраль, 2015.
Электр баасына нааразы болгондор. Токтогул. 5-февраль, 2015.

Жалал-Абаддын Токтогул районунда электр энергиясынын баасын арзандатууну талап кылган акция экинчи ирет өттү.

Электр баасынын кымбатташына нааразы болгондор 5-февралда Токтогул шаарчасындагы маданият үйүнүн алдына чогулду. Алар бул аймакка илгертеден эле жеңилдиктер каралганын эске салышып, өкмөттү “Токтогул районунун статусу” жөнүндө мыйзамды аткарбай жатат деп сынга алышты.

Акцияга келген райондун тургуну Айнура Акунжанова 2-топтогу майып. Анын айтымында, электрдин кымбатташы биринчи кезекте калктын жакыр катмарына сокку урган.

- Үйдө эки уулум тең майып, өзүм да ооруйм. Жашап жаткан үйүбүздү ток менен жылытабыз. Мурда 3,5 миң сом пенсия алсам, анын 500-600үн электрге төлөчүмүн. Ушул айда 2700 сом чыгып келди. Мындан кийинки жашообуз кандай болорун билбейм.

Митингдин дагы бир катышуучусу Салия Чопоева Токтогул ГЭСи ушул райондо жайгашкандыктан, электр энергиясы арзаныраак берилсе деген оюн билдирди:

- Кезегинде канчалаган суулуу жерибизден, там-ташыбыздан баш тартып, ГЭСтин курулушуна уруксат бергенбиз. Азыр мына куураган чөлдө жашайбыз. Жерибиз тар. Биз башка аймактарга атаандашпайбыз, болгону өзүбүздөн чыккан электр энергияны өкмөт арзан берсе деген ой. Бекмамат Осмоновдун убагында 4 тыйындан эле төлөп келгенбиз.

Ал эми акцияны уюштуруу тобунун төрагасы Жайлообай Ташыкул уулу райондун эли электрди ГЭСтен өндүрүлгөн баада алууга тийиш деп эсептейт. Бул сөзүн ал бир нече мисал менен негиздеди:

- 1998-жылы Токтогул районуна жана Жазы-Кечүү айылына өзгөчө статус берилген. Мыйзам 1999-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген. Анда "Токтогул жана Жазы-Кечүү айылдарынын тургундары менен аймактагы электр насостук станцияларына электр энергиясы ГЭСтен өндүрүлгөн баасында берилсин" деп жазылып турат. 2011-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамга толуктоо киргизилип, кол коюлган. Азыр өкмөт ошол мыйзамды аткарбай, райондогу 115 миң элдин укугун тебелеп жатат. Буга чейин 70 тыйынга макул болуп төлөп келгенбиз, бирок дагы көтөргөнү туура эмес да.

Чогулгандар менен жолугуу үчүн өкмөттүн алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин жетекчиси Нурбек Элебаев келди. Ал элдин үнүн өкмөткө жеткирерин айтып, бир жума убакыт берүүсүн суранды:

- Бул жерден биз эч нерсе чече албайбыз. Бардык маселе өкмөттө каралып, анан чечилет. Силердин талаптарыңарды уктук, эми биз өкмөт башчысына жеткирип, кандайдыр бир жол тапканга аракет кылабыз. Ошон үчүн бизге бир жума убакыт берсеңер. Анан силерге жооп беребиз.

Эки саатка созулган акция соңунда чогулган эл өкмөткө төмөнкүдөй талаптарды койду:

- Казакстандан импорттолгон электр энергиянын Токтогул элине эч кандай тиешеси жок. Ошол үчүн ал наркты төлөөгө каршыбыз. Мыйзамга ылайык, төлөмдү ГЭСтен өндүрүлгөн баа менен жүргүзүүнү талап кылабыз. Мындан сырткары декабрь айында киргизилген ашыкча төлөм үчүн токтогулдуктар берген 2 сом 5 тыйын артка кайтарылсын. Эгерде биздин талаптар аткарылбай, көңүл сыртында калса, чечкиндүү чараларга барабыз.

Беш жүздөн ашуун киши келген бул митинг соңунда катышуучулар өкмөткө 12-февралга чейин мөөнөт берди. Токтогул районунун тургундары буга чейин 26-январда да митинг өткөрүшкөн.

Электр баасы былтыр декабрь айынан тарта кымбаттаган. Ага чейин керектөөчүлөр 1 кВт саат электр үчүн 70 тыйындан төлөп келсе, жаңы тариф боюнча айына 700 кВт сааттан ашык электр кубатын пайдалангандарга 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.

Өкмөттүн бул чечими эл арасында нааразылык жаратып, Нарында, Таласта нааразылык митингдери өткөн. Ушундан кийин өкмөт тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандаткан.

Ага ылайык февраль айынан баштап электр энергиясын 700 кВт сааттан ашык колдонгондор 2 сом 5 тыйын эмес, 1 сом 82 тыйындан, ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 2 сом 19 тыйын эмес,1 сом 97 тыйындан төлөй баштайт.

XS
SM
MD
LG