Жалал-Абаддагы чебер уз 70 жаштагы Тотукан Өскөнбаева сүрөт мектебинде өзбек, татар,орус сыяктуу түрдүү улуттун кыздарына кыргыздын кол өнөрчүлүгүн үйрөтөт. Бул сүрөттөрдөгү жаш шакирттер Жалал-Абаддагы өзбек жана орус мектептердин окуучулары.
Тотукан Өскөнбаеванын колунан чыккан боз үйлөр Нью-Йорк, Филадельфия штаттарында, Кытайдын Шанхай шаарындагы эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. Түркиянын Измир шаарындагы зилзаладан кийин Тотукан апа Жалал-Абад облусунан он боз үй алып барып тиккен. Ырысбай Абдраимовдун сүрөт баяны, 8-март, 2013.