Саймаитинин өлүмү Кыргызстандын көз кырында
Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмү чырмалышкан күмөндүү көп окуянын бетин ачты. Кыргызстанда издөө жарыяланган бул адам дипломатиялык номер тагылган Стамбулдагы кыргыз баш консулунун унаасын айдап жүргөнү ачыкка чыкты. Саимаитини өлтүрүүгө шектүү катары кыргыз паспорту бар эки адам кармалды. Мындай кырдаал Кыргызстанда талкуу жаратып, маселе парламентте көтөрүлдү. Бул окуялар эмнеден кабар берет? Бийлик мындай учурда кандай чараларды көрүшү керек? Талкууга мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы парламент депутаты Руслан Казакбаев, “Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев, эксперт Алмаз Кулматов жана дипломат Талант Кушчубеков катышты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?
-
Январь 16, 2024
Журналисттердин кармалышы эркин медиага басымбы?