Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Түркия Кыргызстанга ГЭС курабы?


Темир Сариев
Темир Сариев

Экономика министри Темир Сариев Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Бишкек сапарынын жыйынтыктары тууралуу ой бөлүштү.

- Түрк премьери Режеп Тайып Эрдоган жакын арада эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирели деди. Эрдоган койгон максат качан, канткенде ишке ашат?

- 2012-жылы Түркия менен соода жүгүртүү 230 миллион доллардын тегерегинде болгон. Түрк премьери сооданын көлөмүн 1 миллиардга жеткирели деп, өзү менен кошо 104 ири жана орто ишкерлерди ала келиптир. Ал Түркиянын дүйнөнүн булуң-бурчундагы инвестициясы 240 миллиард долларга жеткенин айтып, ишкерлерди бир тууган Кыргызстанга чоң инвестиция салууга чакырды.

Түрк премьер-министри Эрдоган менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, 10-апрель 2013-жыл.
Түрк премьер-министри Эрдоган менен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, 10-апрель 2013-жыл.
Албетте, 1 миллиард долларга кыска мөөнөттүн ичинде жетишүү кыйыныраак. Орто мөөнөттө, беш жылдан кийин бул көлөмгө жетсе болот. Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандагы беш тармакты: энергетика, кен казуу, жеңил өнөр-жай, туризм жана айыл чарба тармактарын негизги катары карап көрөлү деди.

- Түрк премьери Кыргызстанда ГЭС курууга көмөктөшөбүз деди. Бул багытта конкреттүү пландар болдубу же ниет катары эле айтылдыбы?

- Түркияда премьер-министр кубаттуу болуп саналат. Анын үстүнө парламенттик өлкө болгондуктан маселелердин көбүн өкмөт чечет. Ал министрлеринин көбүн ээрчите келиптир. Эки вице-премьер-министр, бештен ашык министри, парламенттеги комитет жетекчилери, Анталия баштаган эки-үч шаардын башчылары келди. Аларга тапшырма берилди да.

Түркия дүйнөдөгү өнүккөн 20 өлкөнүн катарына кирет. Эми алар айткандан кийин, кудай буюрса, изилдеп чыгып, башташат. Анын үстүнө былтыр алар узак мөөнөттүү кредит катары бизге 100 миллион доллар берип, карызыбызды кечишти.

- Эрдоган “Манас” аэропортунда эл аралык хаб куруу үчүн өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз деп билдирди. Буга чейин хабдын курулушун Орусия колго алат деп айтылып келбеди беле?

"Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору.
"Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору.
- Президенттин атынан, өкмөттүн атынан АКШнын базасы чыккандан кийин “Манас” аэропорту чоң хабга айлансын деп айтылган. Бул иш башталды. Былтыр Түрк аба жолдору Стамбул - Бишкек - Улан-Батор каттамын ачты. Мурун бир жумада бир жолу болсо, азыр бир аптада үч жолу каттайт. Азыр Стамбул менен Бишкектин ортосунда бир күндө үч рейс бар.

Стамбул - Бишкек - Токио каттамы боюнча да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул эл аралык хабдын эң баштапкы жолдору. Эгер бул жөрөлгө улана турган болсо, анда “Манас” аэропорту эл аралык каттамдар жана жүктөр үчүн хаб болуп калат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG