“Азаттык”: АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борбору жана Ооганстандагы коалициялык күчтөр Кыргызстандан азык-түлүк сатып алууга даяр экенин билдирди. Кыргызстан аларга эмнелерди сунуштай алат?
Темир Сариев: Сөз тамак-аш жөнүндө болуп жатат. Кечээ АКШнын элчиси бир айда 300 миңге жакын порция тамак-аш алабыз деди. Андан башка да тейлөө көрсөткүчтөрүн сунуштап жатат. Анын ичинде курулуш материалдарын, кийим-кече берип турса болот. Эгер ушундай мүмкүнчүлүк чындап ачылса, ачык-айкындык болсо, алар кандайдыр бир эрежелер менен сатып ала баштаса, Кыргызстандагы ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачылат.
Орто эсеп менен бир жылда 100 миллион долларга жакын ар түрдүү товар алса, 5 миллиард сомдун тегерегинде акча түшүшү мүмкүн. Бул биздин базардын эбегейсиз чоң багыты болуп калат.
“Азаттык”: АКШнын өзүнүн стандарттары бар эмеспи. Кыргызстанда ошол стандарттарды аткара алган ишканалар барбы?
Темир Сариев: Албетте бүгүнкү күндө мүмкүн бардык ишканалар жооп бере албайт. Бирок ошол стандарттарга жакын сүт азыктарын, суусундук чыгарган айрым ишканаларыбыз бар. Эт комбинаттар бар. Алардын продукциялары сыртка жөнөтүлүп атат. Эми ушундай дагы бир мүмкүнчүлүк ачылып жатса, аларга сапаттуу жана талапка ылайык товар чыгарганга түрткү болот.
“Азаттык”: Сапат менен кошо чоң көлөмдү камсыз кылыш керек экен. Буга жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүгү жетеби?
Темир Сариев: Тамак-аштын 300 миң порциясы биз үчүн чоң деле эмес. Анткени дүйнөлүк базарга шайкеш келген ачык-айкын саясат жүргүзүп жатпайбызбы. Бизде абдан чоң потенциал бар. Мына Казакстанга, Өзбекстанга жана Орусияга товарларыбыз кетип жатат. Тамак-аш, күндө керектелүүчү товарлар, кийим-кече деген бар.
Биз муну кыска карабашыбыз керек. Эгер биз ушул базарга кирип алсак арты жакшы болот. Булар азыр бул жактагы транзиттик борбор үчүн деп атышат, булардын Ооганстанда 200 миңден ашык жоокери болуп жатпайбы. Аларга да тамак-аш керек. Бул биздин ишкерлерге абдан чоң түрткү болот.
“Азаттык”: Ооганстанды калыбына келтирүү программасына Кыргызстан кантип катыша алат?
Темир Сариев: Ошол багытта ар түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Анткени ошол багыттардын бири болуп карыздарды алмашуу деген программаны сунуштап жатабыз. Дүйнөлүк ар түрдүү уюмдар гуманитардык, гранттык түрдө Ооганстанга жардам беребиз деп атышат. Товарларды бизден алып сатса, ошонун негизинде карызыбызды жойгонго мүмкүнчүлүк болот деп атабыз. Ушуга окшогон сүйлөшүү жүрүп жатат.
Эми бул өзү жабык базар. Бул аскердик базар болгондуктан корпоративдик жана жабык болот. Бул базарга биринчи кадам жасалды. Эми мындан кийин да кыргыз өкмөтү бул жаатта иштерди алып барат.
“Азаттык”: Кыргызстан Ооганстанга курулуш материалдарын жөнөтө алат деп айтылды эле. Бул ишке ашабы?
Темир Сариев: Биздеги ири курулуш заводдору, ошонун ичинде айнек заводу буйруса ушул жылдын ортосунда ишке кирет. Кызыл-Кыядагы цемент заводу жарым-жартылай иштеп жатат. Ошолордун баары ишке кирсе программага катыша алабыз.
Ооганстанды кайра калыбына келтирүү программасы абдан кеңири жана чоң. Бул дүйнөлүк масштабдагы чоң проблема болуп жатпайбы. Дүйнө өлкөлөрү Ооганстанды маңзат жайылткан мамлекет кылбай, ачык-айкын, демократиялуу, өзүн өзү баккан өлкөгө айландырууга аракет кылышат. Башка тандоо жок.