Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Өзбекстанда өтчү шайлоонун үй-бүлөгө таасири


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекети. 2011-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекети. 2011-жыл.

Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп түшүп, төркүнүнө конокко барган аялдарды өзбек чек арачылары кайра үйүн көздөй өткөрбөй жатат. Бул абал соңку бир айда күчөгөн.

Мындай “тартип” коңшу өлкөдө декабрь айында боло турган парламенттик шайлоого жарандарды толук катыштыруу аракети катары түшүндүрүлүүдө.

Көйгөйгө салган саясий өнөктүк

Өзбекстандагы төркүнүнө өтүп, кайра балдарынын алдына келе албай жүргөн келиндердин дээрлик баарында Кыргызстанга турмушка чыкканын тастыктаган нике кагазы бар. Бирок бул документ алардын чек арадан өтүшүнө эч кандай жардам бере албайт. Анткени, алар өзбек жарандыгынан чыга элек.

Ноокендин Арал айылында жашаган Шадманбек Масалиевдин аялы бир ай мурун Анжиянга сиңдисинин тоюна барган. Ошондон бери күйөөсү менен балдарынын алдына келе албай убара. Соңку он күндөн бери чек ара постуна келип-кетмей Шадманбектин негизги жумушуна айланып калды:

Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

- Чек ара көйгөйү кыйнап жиберди. Аялым Өзбекстанга барды эле, эми биякка өтө албай жатат. Жакында аларда шайлоо болот экен. Шайлоого катышмайынча, жарандарын чет жакка чыгарбоо боюнча буйрук болгон имиш. Ансыз деле чек аранын буга чейинки көйгөйлөрү жанды кашайтчу. Өзбекстанда кандайдыр бир саясий өнөктүк болсо эле жүрөк безилдеп калды. Шайлоосу да үй-бүлөлүк жашообузга таасирин тийгизет.

Шадманбек азыр жашыруун жолдор аркылуу жубайын алып өтүп алуу аракетин көрүүдө. Келинчеги деле эптеп балдарынын алдына келип алса, чек ара маселеси толук чечилмейинче, ата журтуна барбай коюуга да макул экен.

Каарманыбыз ушул тапта ондогон аялдар шайлоонун айынан кайын журтуна келе албай жүргөнүн айтып берди:

- Ушул маселеден улам чек арага каттай берип, биздикиндей көйгөйгө тушуккан ондон ашуун адамды көрдүм.

Өзбекстанда парламенттик шайлоо 21-декабрда болот. Үч айдан кийин эле президенттик шайлоо өтөт. Андыктан, мейманга барып, үй-бүлөсүнө келе албай калгандардын маселеси март-апрелге чейин уланчудай.

Аракеттен майнап жок

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында Өзбекстандан келин болгон миңдеген аялдар бар. Паспорт маселеси жана чек ара көйгөйүнөн улам соңку үч-төрт жыл аралыгында алар жакындарына болгон сагынычын телефон аркылуу сүйлөшүү менен гана жазып келишет. Коңшу өлкөнүн атуулдугунан чыга элек болгондуктан, Кыргызстан аларга юридикалык көмөк көрсөтө албайт. Кыргыз жаранына баш кошконун далилдеген нике кагаз да аларга жардамдашууга жетиштүү аргумент болбой келүүдө.

Кыргыз бийлиги бул жаатта Ташкент менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп келет, бирок натыйжа көп байкалбайт.

Өзбек тараптын атуулдуктан чыгаруу жараянынын оңой эместигинен улам келиндерге кыргыз жарандыгын берүү да маселе бойдон калууда.

Кыргыз-өзбек чек арасы. 2012-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасы. 2012-жыл.

Көйгөй 2010-жылдан кийин курчуду. Жай турмушу капыстан кыйынчылыкка кептелген айымдардын маселесин чечүүгө өкмөт эле эмес, бейөкмөт уюмдар да аракет кыла баштады.

“Интербилим” уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева маселени чечүүгө Кыргызстандын Ташкенттеги элчилиги олуттуу киришүүсү зарылдыгын белгилейт:

- Ушул күнгө чейин биздин Өзбекстандагы элчилик кандай жумуштарды жасап жатканын билбейбиз. Бир маселени оң тарапка чечкени жөнүндө уга элекмин. Келиндердин жогорудагы маселеси боюнча кайрыла турган жападан жалгыз орган – ошол элчилик. Кайрылбаган учурда деле ушундай көйгөйдү уккандан кийин өздөрү да аракет кылуу керек да. Канча жылдан бери көтөрүлүп келе жатат бул маселе. “Бул айым Кыргызстанга турмушка чыккан, мынакей нике күбөлүгү”,- деп таламын талашуу зарыл.

Жогорудагыдай көйгөйдөн улам азыр Кыргызстан менен Өзбекстандын тургундары бири-биринен кыз алууну токтотушкан.

XS
SM
MD
LG