Бүгүн дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө. Ыйык Валентин же ашыктардын күнү католиктердин майрамы болуп саналат. Бирок кийинки кездери кеңири жайылып, Махабат майрамы катары белгиленип келүүдө. "Азаттыктын" сүрөтчүсү Темир Сыдыкбеков Бишкектин көчөлөрүн кыдырып, Махабат күнүнүн көз ирмемдерин тартып алды.
Сүйүүдөн чыккан сүрөттөр
14-февраль - Махабат күнүн Бишкектин жаштары да белгилеп жатышат. Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды.

1
Соңку мезгилдерде айрыкча жаштар арасында 14-февраль кадыресе эле чоң майрамга айланды. Көптөрү жүрөктө катылган улуу сезимди дал ушул күндө чыгарууну пландашат.

2
Бул күндүн тарыхы биздин заманга чейинки 269-жылга барып такалат. Дал ошол жылы 14-февралда Рим императору Клавдий сүйүшкөндөрдү жашыруун баш коштуруп жүргөн чиркөө кызматкери Валентинди өлүм жазасына буюрган.

3
Ашыгын майрам менен куттуктаганы бараткан жигит. Бишкек

4
Бул күнү ашык сөздөрү жазылган куттукчалар (открытка) көп сатылат.

5
"Жашасын, сүйүү!". Бишкек

6
Бүгүн сатылган гүлдөрдүн баасы 500 сомдон 2 миң сомго чейин жетет.

7
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде тартылган сүрөт.

8
Адатта бул күнү ашыктар бири-бирине ыйык сезимдерин билдиришип, кооз гүлдестелерди, белек-бечкектерди тартуулашат.

9
Майрам майрамы менен, тандап алган жарыңа өмүр бою жылуу сезимди жоготпой, жүрөгүңдү арнап жашоо өзүнчө кеп. Эмесе, ошол улуу сезимдер эч качан өчпөсүн!