Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Улуу Памирдин дасторкону


Вандык кыргыздардын дасторкону
Вандык кыргыздардын дасторкону
Көздөн учкан Улуу Памирге да жеттик. Үйдүн кожойкеси таң эртеден туруп, килемге дасторкон жайып коюптур.

Сүттөлгөн чайды "ак чай" дешет экен, дасторкондо зайтун (олив), жашыл зайтун, пекмез (жүзүмдөн кайнатылган шире), отлу пейнир (чөп кошкон туздуу эжигей), ак пейнир, шор быштак, сары май.

"Афиет олсун - aш болсун" - деди ак жоолукчан Асел.

"Сиздикиндей чүйгүн даамдуу дасторконду беш жылдыздуу "Шератон" мейманканасында да көрбөгөм" дедим жаңы бышкан нанга каймак майдан сүйкөп жатып.

Сыртта асман көпкөк болуп, күн жаркырап тийип, чымчык сайрап, ит үрүп, адыр-тоолуу теребел мемирейт.

XS
SM
MD
LG