Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Бишкектеги Жеңиш майрамы


Жеңиш салтанатына келген ардагерлер. Бишкек, 2011-жылдын 9-майы.
Жеңиш салтанатына келген ардагерлер. Бишкек, 2011-жылдын 9-майы.

Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына арналган салтанатта 1941-45 жылдагы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондор эскерилип, Бишкек аскердик гарнизонунун салтанаттуу жүрүшү өттү. Мындан кийин ардагерлерге согуш учурундагыдай тамак берилди. Эскерүү салтанатына өлкө президенти баштаган расмий адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышты.

Президент Роза Отунбаева салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Улуу Жеңишке Кыргызстандын да салыы зор болгонун, Кыргызстандан аскерлер гана жиберилбестен азык-түлүк, ок-дары жөнөтүлүп турганын, Жеңиштин баасын кийинки муунга сабак кылуу керектигин айтты.

Улуу Ата Мекендик согушка баш-аягы 363 миңдей кыргызстандык катышкан. Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда азыр 1979 согуштун, 8380 ооруктун ардагери бар.

Бишкектеги Жеңиш майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

XS
SM
MD
LG