Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Үйдүн куту - аял


Бүгүн Аялдардын эл аралык күнү. Бул күндү дүйнө элдери 1910-жылдан бери белгилеп келишет.

1910-жылы социалист аялдардын Копенгаген шаарында өткөн жыйынында Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган.

Кыргызстанда калктын 53 пайызын аялдар түзөт. Учурда аялдар дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келатат. Чет жерлерде миграция агымында жүргөндөр да арбын.

"Азаттык" радиосунун жамааты Кыргызстандын бардык кыз-келиндерин, апалар менен энелерди Жаз майрамы менен куттуктайт. Үйдүн да, мамлекеттин да куту болгон кыз-келиндерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт тилеп, аял күлүп турганда гана Аалам тынч болоорун белгилейбиз.

Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон апаларга таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз. Майрамыңыздар менен!

Урматтуу окурман, апаңызга, эже-карындашыңызга, жалпы эле Кыргызстандын аялдарына куттуктоо сөздөрүн ушул шеринеге жазыңыз. Бул күнү кымбаттуу аялдардан жылуу сөздөрдү аябайлы!

XS
SM
MD
LG