11-ноябрда Берлинде жыл сайын өтүүчү Import Shop Berlin эл аралык жарманкеси аяктады. 59 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жарманкеде кыргызстандык 22 кол өнөрчү өз буюмдарын сатыкка коюп, европалык кардарларга кийиз жасоонун, андан ар түрдүү буюмдарды даярдоонун сырларын үйрөттү. Комуздун күүсү шаңшыган Берлиндеги жарманкеге биз да баш бактык. (Венера Сагындык кызынын сүрөт баяны)
Берлин: кыргыз уздарына баракелде!

1
Кыргызстандык уз Гүлмира Акматова жарманкеге келгендерге өрмөк сокконду көргөзүүдө

2
Берлиндеги эң чоң имараттардын бирин ээлеген Импорт шоп жарманкесине келген кыргызстандык кол өнөрчүлөр төрт канат боз үй тигип, тегерегинде бир нече галереяга кийиз, жыгач, таар, кайыштан жасалган ар түркүн буюмдарын жайып отурушту.

3
Немис кардарларын кыргыз буюмдары өзгөчө кызыктырды

4
Иш чаранын негизги уюштуруучусу Асель Темиралиева. Ал 15 жылдан бери Германияда жашап, азыр кыргыз-немис маданият клубун жетектейт

5
Тоңдук музыкант Акылбек Серкебаев жубайы Анара экөө кыргыз аспаптарынын бардык түрүндө ойноп, келгендерди айран таң калтырды

6
Кыргызстандыктар мода көрсөтүүдө

7
Таластык Евгений Зебель немистерге кыргыз боз үйүн соодалайт

8
Жарманкеге коюлган төрт канат боз үй

9

10
Кийизден жасалган кыргыз баш кийимдери Берлинде мыкты бааланат

11
Германиялык Цолман айым фермасында кадимки кымызды жасап, жарманкеге алып келди