Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Лондон олимпиадасы үчүн таймаштар өтүүдө


18-августта Көкчетау шаарында тогуз коргоолдон эл аралык турнир башталды. Кайыкчылар Венгрияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда.

18-августта Казакстандын Көкчетау шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул акыл таймашына Монголия, Түркия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн эки жүзгө жакын спортчу катышууда.

Кыргызстандын намысын беш спорт чебери коргоп жатканын Тогуз коргоол федерациясынын президенти Абдысалам Чылымов “Азаттыкка” билдирди. Бул эл аралык мелдеш 22-августка чейин созулат.

Суучулдар бар, дурус бассейин жок

18-августта Бишкекте сууда сүзүү боюнча Президенттин кубогуна арналган эл аралык турнир жыйынтыкталды. Мында Кыргызстан менен Казакстандын токсон суучулу мөрөй талашты.

Жыйынтыгында эр-жигиттерден бишкектик Дмитрий Александров баш байгенин ээси болду. Кыз-келиндердин сууда сүзүү жарыштарында марага бишкектик Шахноза Караходжаева биринчи келди. Уландардан Кирилл Вайс, кыздардан Дарья Таланова Президенттин кубогунун жеңүүчүлөрү аталды.

Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси Шейшекул Бакировдун пикиринде, сууда сүзүү боюнча Президенттин кубогуна мелдеш биринчи ирээт өткөрүлдү.

- Бул турнир сууда сүзүү спортунун жанданып, эл аралык деңгээлдеги бассейндердин салынышына өбөлгө болмокчу.

Ошондой болсо да ушул жылдар аралыгында эл аралык талаптарга жооп берген бир дагы бассейн курулган эмес. Ушундай иш-чаралар гана ишкерлердин мекенчил сезимдерин ойготуп, эл аралык талаптагы 50 метрлик бассейн курулушуна өбөлгө болоор. Себеби Кожомкул атындагы спорт сарайынын 50 метрлик бассейни 20 жылдан бери иштебей, чалдыбары чыгып турат.

Көздөн учкан Лондон олимпиадасы

Ушул тапта кыргызстандык кайык айдоочулар Венгриянын Сегеде шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда. Мында өлкө намысын 5 кайык спорт чебери коргоп жатат. Алардын катарында 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль баштаган беш жигит бар.

2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо утуп алууга мүмкүндүк берген дүйнөлүк таймашууда кыргызстандык жигиттер 200, 500 жана 1000 метр аралыктардагы кайык жарыштарына катышууда.

Мында алдыңкы 12 орунду алган кайык айдоочуларга Лондон олимпиадасына жолдомо берилерин “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин спорт федерациялары департаментинин жетекчиси Туратбек Калыбаев билдирди.

Азизанын алгачкы аракети

Бул күндөрү Франциянын Шамбери шаарында мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулар арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында спорттук божомолдоо мелдештерине майыптык араба менен Азиза Иминова катышып жатат. Ал 16-августта спринт, 17-августта орто аралыкка мелдешке катышты.

Алгакы ирет мындай иш-чарага катышкандыктан Азиза ийгилик жарата албады. Эми 19-августта алыскы аралыкка жарышка түшөт. Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү 20-августта анык болот.

Парижде олимпиадага жолдомо ойнотулат

19-августта Кыргызстандын дзю-до боюнча тандалма командасы Францияга жөнөп жатышат. Алар 22-августта Парижде баштала турган дүйнө чемпионатына катышмакчы. Бул тууралуу өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары Талант Беккулов “Азаттыкка” билдирип, курамында кайсы балбандар бар экенин айтып берди.

- Бизде 60 кг. салмакта гана балбан жок болуп турат. Дүйнө чемпионатында өлкө намысын Ислам Баялинов (66 кг), Алишер Мантабетов (73 кг), Алимбек Жусупов (81 кг), жана Елена Исакова (57 кг), Динара Кахарова коргойт.

Бир жарым жылдан бери Франциядагы дзю-до академиясында билим алып жатышкан кыргызстандык үч балбан Азат Кубакаев (73 кг), Чыңгыз Мамедов (90 кг) жана Юрий Краковецкий (100дөн ашуун) да командага кошулуп, Лондон олимпиадасында жолдомо алуу үчүн упай топтоого аракет кылышат.

Бул таймашуулар дзю-донун тарыхындагы эң курч мөрөй талашуу болоорун адистер айтышууда. Себеби 2010-жылдан баштап, бир салмакка ар бир өлкөдөн экиден балбан катышууга мүмкүндүк түзүлгөн.


Ушул тапта кыргызстандык бир дагы спортчу 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага жолдомо алыша элек.

Жаш балбандардын дүйнөлүк сынагы

18-августта эркин күрөш боюнча өлкөнүн улан-кыздар командасы Венгриянын Сомбатхейе шаарына жөнөп кетишти.

Бул шаарда дүйнө биринчилиги үчүн таймашуулар 21-августта башталат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Рысбек Мамышев 17 жашка чейинки 9 жаш балбанды баштап барды.
XS
SM
MD
LG