Дүйнөлүк чоң спорттук мелдештер күйөрмандар үчүн дагы өзүнчө таймаш. Алар өзгөчө көрүнүшү, бети-башына сыйпаган боёгу, көтөргөн көрнөктөрү менен өз спортчусун же сүйүктүү командасын сүрөөнгө алууда башкалардан айырмалануу үчүн болгон аракетин жана фантазиясын жумшайт.
Күйөрмандар атаандашат
1
Мексиканын курама командасынын күйөрмандары Мексика-Сенегал командаларынын футболдук беттешинде.
2
Норвегия менен Испаниянын гандбол таймашындагы француз күйөрман.
3
Британия-Канада ортосундагы аялдар футболу боюнча таймашта канзаада Уильям, бекбийке Кейт Мидлтон жана каныша Элизавет IIнин элеси түшүрүлгөн бет капчан күйөрмандар.
4
Голландиялык күйөрман Британия-Канаданын аялдар ортосундагы баскетбол таймашын кароодо.
5
Күйөрмандар 2010-11- жылдагы дүйнөнүн мыкты суучулу Райан Лохтенин сүрөтү менен. Лохте Лондондо 5 медалга ээ болду.
6
Түштүк Кореядан келген күйөрман Туштүк Корея-Швейцария ортосундагы футболдук мелдештин алдында.
7
Сербиялык теннисчи Новак Жокович өз күйөрмандарына кол тамга берүүдө. Жокович коло медал үчүн таймашта аргентиналык Хуан Мартин дель Потрого утулуп калды.
8
Орусия менен Бразилиянын күйөрмандары волейбол боюнча таймашта бири-бирине кыйкырышууда.
9
Түркиялык күйөрман өз мекендештерин кытайлык волейболчулар менен беттеште сүрөөнгө алууда.
10
Британиянын жаш күйөрманы.
11
Ат менен тоскоолдуктан өтүүдөгү жарышта стадиондо күйөрмандар жокко эсе болду.
12
Бразилия-Египет ортосундагы футболдук таймашта бразилиялык күйөрман өз мекендештери үчүн күйүп-бышып оюн талаасына чуркап чыкты.
13
Япония-Бразилия ортосундагы футбол боюнча чейрек финалдык таймаштагы жапон күйөрман.