Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды


Турсунтай Салимов.
Турсунтай Салимов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды. Ишкерди 7-октябрда кечинде кармап кетишкенин “Азаттыкка” анын өкүлү Нурлан Ибраимов билдирди, бөгөт чарасы сотто качан каралары тууралуу азырынча маалымат жок экенин айтты.

Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы булактарына таянып Салимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” деген беренеси боюнча шектелип жатканын жазышты.

Ибраимов тагылып жаткан айып боюнча бул маалыматты азырынча тастыктай албай турганын билдирди.

Күч органдары да расмий маалымат берише элек.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон.

“Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG