Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:43

Махатхир Мухамад кызматтан кетүү жөнүндө арыз тапшырды


Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мухамад. 11-май, 2018-жыл.

Малайзиянын премьер-министри, 94 жаштагы Махатхир Мухамад кызматтан кетүү жөнүндө арызын падышага тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн кеңсеси 24-февралда билдирди. Өткөн дем алыштарда бийликтеги коалициянын айрым мүчөлөрү менен оппозициялык топтор жаңы өкмөт түзүү тууралуу сүйлөшүү өткөрүшкөн. Алар Махатхирдин мураскери болот деген Анвар Ибрагимдин премьер-министрликке келишин алдын алууну көздөшөт.

Эки саясатчы 2018-жылкы шайлоодо жеңип, Малайзиянын Бириккен улуттук уюмун бийликтен кулатуу үчүн тандемге биригишкен. Шарт катары Махатхир кызматын Анварга өткөрүп бермек.

Падышанын эмки кадамы азырынча белгисиз. Мамлекет башчы Махатхирге кайрадан министрлер кабинетин уюштуруу милдетин тапшырышы мүмкүн.

Махатхирди Малайзиядагы «экономикалык секириктин атасы» деп атап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG