Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 24-25-26-май күндөрү милиция кызматкерлеринен турган 20дан ашуун мобилдик топ иштейт.
Алар жол кыймылынын, жарандардын коопсуздугун сактоо менен бирге COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын-алуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Бул күндөрү автоунаа кортеждери, маараке уюштуруп эс алууга чыккан автоунаалар эскертүүсүз айып токтотмосуна алынат, алардын ээсине айып пул салынат.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалда "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн тартипте өткөрүлө турганын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдаган.
Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында Кыргызстандын мектептери 16-марттан тартып жабылган. Жазгы каникулдан кийин 8-апрелден тарта сабактардын баары онлайн форматта өтүп жатат.(JsA)