“Монголиянын Элдик партиясы” 76 орундуу Улуу Хуралда 2016-жылы жеңип алган 65 мандатты сактап калууга аракеттенүүдө.
Негизги атаандашы - Демократиялык партия. 3,2 миллион калктуу өлкөдө 29 шайлоо округунда 600 талапкер ат салышып жатат. Өзгөчө шаар аймактарында күрөш курч болууда. Борбор калаа Улан-Батордогу бир округда бир орун үчүн 28 талапкер ат салышып жатат. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7де ачылып, кечки саат 10до жабылмакчы.
Жыйынтыктар 25-июнда чыгат деп күтүлүүдө. Посткоммунисттик доордон кийинки жаңы Конституция 1992-жылы кабыл алынган.