Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Москва: кыргыздардын "спорт заводу"


Рыскулбек Ибраимов
Рыскулбек Ибраимов

Орусияда иштеп жүргөн кыргыз уландарынын арасынан эр уруштун түрлөрү боюнча чемпиондор чыгууда. Өткөн жылы Москвадагы кыргыздардын “Айкөл Манас” спорт клубунун тарбиялануучулары самбо жана кармаштан эл аралык деңгээлдеги үч чемпиондукту жеңишкен.

“Айкөл Манас” спорт клубунун машыктыруучусу Нургазы Амиракулов Москвадагы спорт клубу жана өзү тарбиялаган чемпиондору тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

Оштогу балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин аяктаган Нургазы Амиракулов алты жыл мурун Москвада кыргыздардын биринчи спорт клубун түптөгөн. Ал убакта Орусияга барган кыргызстандык балдарга атайын залдарда машыгуу бир топ кыйынга турган.

Нургазы Амиракулов орусиялык мушкер Сергей Харитонов менен.
Нургазы Амиракулов орусиялык мушкер Сергей Харитонов менен.

- Башка жердеги спорт залдарга барып, машыгуу бизге оор болчу. Кыргыздарды ал убакта тааныбай, тоготушчу эмес. Анан тааныштар аркылуу коммерциялык уруштарга, кээде расмий таймаштарга катышып жүрдүм. 2007-жылы көчөдөн жаракат алып, спортту токтотууга туура келди. Кийин Москвадагы фитнес клубда тренер болуп иштеп жүрүп, Ринат деген татар тааныш баланын жардамы менен спорт клуб ачтым. Ачкан күнү эле машыгууга 30 бала келген. Азыр Москвада төрт залыбыз бар, Волгоград проспектисинде жайгашкан эң чоң залга 100дөй бала келет.

Москвадагы “Айкөл Манас” клубунда бүгүнкү күндө 200дөн ашуун бала машыгат. Андан тышкары жакында эле Орусиянын Новосибирск, Тюмень жана Екатеринбург шаарларында жаңы машыгуу үчүн залдар ачылган. Өткөн жыл айкөлчүлөргө үч чемпиондук титул менен эсте калды.

Жаркынбек Байзаков мелдешти уюштуруучулар менен.
Жаркынбек Байзаков мелдешти уюштуруучулар менен.

- 2015-жылы биз үчүн өтө түшүмдүү жыл болду. Рыскулбек Ибрагимов кармаш боюнча дүйнө кубогунун 60 килограмм салмактагы чемпиону, Жаркынбек Байзаков самбо боюнча дүйнөлүк мелдеште чемпион, Адилетбек Муктаров самбо боюнча Евразия чемпионатынын жеңүүчүсү, Кубанычбек Токторалиев кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду. “Айкөл Манас” клубу, мындайча айтканда, “спорт заводу” болуп калды. Балдар нөлдөн машыга башташып, чемпион болуп жатышат.

Москвадагы кыргыз балдардын мындай спорт түрлөрүнө тартылуусу чет жакта улуттук намысты коргоо менен чектелбейт. Адатта эр уруштарда жеңүүчүгө дагы, жеңилген тарапка дагы бир топ акча коюлат.

Кубаныч Токторалиев
Кубаныч Токторалиев

- Жаңы баштаган спортсмендер арасында беттешүүлөр болуп турат. Андайларга биз өзүбүз акча чыгарып катышабыз. Кийин тажрыйба алып, профессионалдык деңгээлге чыкканда чоң беттешүүлөрдө уюштуруучулар кайрадан балдарга акчасын төлөп беришет. Бай уюм болсо көп төлөйт, жакыр болсо аз төлөйт. Мисалы, жакында Дагстанда беттешүү болду. Биздин бала утулуп калды, бирок, ага карабай бир миң доллар төлөп беришти. Утса, эки миң доллар алмак.

Анткен менен спортчулар мелдештерде ар кандай жаракат алып, анын запкысын тартышы дагы толук мүмкүн. “Айкөл Манас” клубунун балдары дагы беттешүүлөргө жоопкерчиликти өздөрү моюнуна алып чыгышат.

Адилет Муктаров жеңүүчү.
Адилет Муктаров жеңүүчү.

- Бир гана Кудайдан. Ажалы жетсе, адамдар отурган жеринен деле өлүп калып жатпайбы, кээ бирлер мушташып атып деле тирүү калып жатпайбы. Анан беттешүүлөргө чыгар алдында жигиттер тил кат жазып беришет. Өз каалоом менен чыгып жатам, колу-бутум сынса, жаракат алсам, эч кимге доом жок деп. Бул жерде эч ким кыстабайт.

“Балдар рингде муштум жесе, бери жакта турган менин этим катуураак ооруйт”, - дейт Нургазы Амиракулов. Ал өз балдарын спорттук беттешүүлөргө үч-төрт жылдык машыгуудан кийин гана чыгарат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG