Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.

Москвада кыргыздардын курултайы өттү

10-11-майда Москвада чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк III форуму өттү.

Форумга дүйнө жүзүндөгү алыскы жана жакынкы 32 чет өлкөдөн жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышмакчы. Форумдун негизги максаты чет өлкөлөрдөгү мекендештердин башын бириктирип, түпкү мекени үчүн кызмат кылууга чакыруу. 
 
13:17 10.5.2014
Москвада өтүп жаткан кыргыздардын дүйнөлүк III форумуна карата боз үй тигилди.
 
Москва: Кыргыздардын курултайына арналган боз үй
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00
13:08 10.5.2014
Болот Жунусов: Кыргыз диаспоралары социалдык долбоорлорду каржылай баштады

Орусиядагы кыргыз элчиси Болот Жунусов Москвадагы кыргыз диаспораларынын курултайында сүйлөгөн сөзүндө Орусиядагы мигранттардын ролу зор экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтык жаңы денгээлге чыгып жатканын айтты.

Болот Жунусов ушул жумада Москвага кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев келгенде ЖККУнун маселелеринен сырткары Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу маселеси боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн маалымдады.

Элчинин айтымында, Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Кыргызстанга акча которуу менен чектелбестен,  мекениндеги социалдык долбоорлорду каржылай баштады.
13:02 10.5.2014
Абдыганы Шакиров: мигранттар мекенге технология жөнөтүүгө өтүшү керек

Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Абдыганы Шакиров өз сөзүндө чет жактагы эмгек мигранттарынын которгон каражаттары Кыргызстандагы стабилдүүлүктү камсыз кылууда мааниси чоң экенин белгиледи. Шакировдун пикиринде, кыргыз эмгек мигранттары Кыргызстанга жөн гана каражат жөнөтпөстөн, жаңы технологияларды жөнөтүүгө өтүшү керек.
12:57 10.5.2014
Москва шаарында кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк III курултайынын ачылышы болду. Курултайга дүйнө жүзүнөн келген кыргызстандыктар катышууда. Бул ирет өткөрүлүп жаткан курултай дүйнөдөгү эмгек мигранттарынын проблемалары жана аларды чечүүгө арналган.
 
Курултай Кыргызстандын гимни менен ачылды.
Курултай Кыргызстандын гимни менен ачылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG