Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.

Москвада кыргыздардын курултайы өттү

10-11-майда Москвада чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк III форуму өттү.

Форумга дүйнө жүзүндөгү алыскы жана жакынкы 32 чет өлкөдөн жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышмакчы. Форумдун негизги максаты чет өлкөлөрдөгү мекендештердин башын бириктирип, түпкү мекени үчүн кызмат кылууга чакыруу. 
 
20:33 10.5.2014
Курултайда мамлекеттин өнүгүү потенциалы тууралуу да сөз болду. Ички дүң продукциянын көлөмү боюнча Кыргызстан 188 өлкөнүн ичинен 155 орунда туруп, Тажикстан менен Ганадан бир аз гана астыда экени айтылды. Анткен менен Кыргызстан “Бактылуулук” индекси боюнча 88-орунда турганын,  бул айырмачылыктар кыргызстандыктар өндүрүп жаткан продукция жана кызмат көрсөтүүлөр эске алынбай жатканынан кабар берерин белгилешти.

Эл аралык көрсөткүчтөр жана баалоолордо кыргыз коомчулугунун өзгөчөлүгү эске алынышы керектиги айтылды.
19:28 10.5.2014
"Измайлово" концерттик залында отурган курултайдын катышуучулары
 
18:16 10.5.2014
Курултайда Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктардын өкүлү Марс Орозов Араб өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын акыбалы жөнүндө сөз сүйлөдү. “Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар эмгегин Кыргызстанда жасаса болмок, бирок алар кийин тажрыйбасын мекендин керегине жаратат” деди.

Марс Орозов Жакынкы Чыгышта иштеп жүргөн кыргызстандыктар ак эмгеги аркылуу Кыргызстанды таанытып жатканын да кошумчалай кетти.
17:30 10.5.2014
Курултайга келген Борбор Азиядагы Адам укуктары кеңешинин координатору Турсунбек Акун мигранттардын социалдык жана укуктук проблемаларын талкуулоону, айрыкча соттолгон мигранттардын маселелерин чечүү жолдорун сунуштады.

Муну менен катар Акун “Бүгүн дүйнө жүзүнөн чогулган кыргызстандыктардын курултайына жок дегенде вице-премьер келиши керек эле” деп кыргыз өкмөтүн сындады. "5 вице-премьердин бири келип, көтөрүлгөн маселелерди өкмөткө жеткирсе болмок", - дейт Турсунбек Акун.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG