15:42
11.5.2014
- автор Султан Каназаров
Москвада өтүп жаткан чет жердеги кыргызстандыктардын үчүнчү курултайынын жүрүшүндө иш-чаранын эффективдүүлүгү сынга алынды. Түркиядан келген диаспора өкүлдөрү үчүнчү ирет курултайга катышып жатканын айтышып, бирок мурда кабыл алынган резолюцияларда камтылган маселелердин аткарылышы көзөмөлдөнбөгөнүнө нааразылыгын билдиришти.
Учурда курултайдын катышуучулары кийинки курултайдын ордун аныктоону талкуулап жатышат. Кийинки жылы курултайды Бишкекте өткөрүү сунушталып, бирок ал сунуш өткөн жок.
Учурда курултайдын катышуучулары кийинки курултайдын ордун аныктоону талкуулап жатышат. Кийинки жылы курултайды Бишкекте өткөрүү сунушталып, бирок ал сунуш өткөн жок.
17:55
11.5.2014
- автор Султан Каназаров
Москвадагы кыргыз диаспораларынын форумунун делегаттары секцияларга бөлүнүп, практикалык маселелерди талкуулап жатат. Жыйында төмөнкүдөй 5 секция иш алпарууда:
1) Маданий ар түрдүүлүктү сактоо
2) Кыргыз диаспораларынынын өздөрү жашаган коомго адаптациясы
3) Билим жана илим
4) “Кайрылмандар” маселеси
5) Бизнес жана инвестициялык долбоорлор.
Бул тематикалык талкуунун жыйынтыгында курутлайдын жыйынтыктоочу резолюциясы кабыл алынат