Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Мүнхенде Ливиядагы кырдаал талкууланды


Мүнхен коопсуздук конференциясы. 14-февраль, 2020-жыл.
Мүнхен коопсуздук конференциясы. 14-февраль, 2020-жыл.

Ондогон мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жана башка өкүлдөрү Ливиядагы кагылышууга чекит коюу маселесин Мүнхендеги коопсуздук конференциясында талкуулашты.

16-февралда өткөн жолугушууда бир ай мурда Берлинде өткөн саммитте макулдашылган чаралар кандайча ишке ашырылып жатканы каралды.

Берлиндеги саммитке чатакташып жаткан башкы топтордун лидерлери - Ливия өкмөтүнүн башчысы катары эл аралык коомчулук тааныган Фаиз Сарраж жана Ливия улуттук армиясы деп аталган күчтүн командачысы Халифа Хафтар чакырылган. Ага катышкан башка мамлекеттердин - Орусиянын, Түркиянын, Британиянын, Франциянын жана АКШнын өкүлдөрү бул өлкөгө курал жеткирүүгө тыюу салууну макулдашкан.

Ливия бир топ жыл башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылып, 2011-жылы өлтүрүлгөндөн бери тынчый элек.

Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливиядагы согушту токтотуунун 55 беренеден турган жол картасын сунуш кылып, Түндүк Африкадагы мунайга бай бул мамлекеттеги жаңжалдын курчушун айыптаган.

XS
SM
MD
LG