Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Окурман – ой таразасынын нагыз ээси


Улуу Үркүндүн 100 жылдыныга арналган "Азаттыктын" долбоору
Улуу Үркүндүн 100 жылдыныга арналган "Азаттыктын" долбоору

Улуттук көтөрүлүш менен Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата атайын интернет баракчаны сунуштайбыз. Урматтуу окурман, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган, кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуяны чогуу эскерели.

“Азаттык” үналгысынын интернет барагы падышалык Орусиянын оторчул үстөмдүгүнө каршы Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук кыймылдын жана көтөрүлүш аёосуз басылган кезде Кыргызстандын бир катар аймактарынан Кытайга жапырт журт которууга аргасыз болгондордун Улуу Үркүнүнүн 100 жылдыгына карата атайын интернет баракчаны сунуштайт.

"Азаттыктын" атайын баракчасына бул шилтемени басып киресиз. Баракчадагы маалыматтар үстүбүздөгү жыл бою ырааттуу түрдө кошумчаланып, жаңыланып турмакчы.

Мурдагы падышалык Орусияга гана эмес, Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы башка өлкөлөргө да таандык болгон ар кыл тилдердеги архивдик маалыматтар кыргызча түшүндүрмө, котормо жана башка көмөкчү маалыматтар менен чогуу жарыяланып турат. Ар кыл тилдердеги жана ар башка өлкөлөрдөн топтолгон эскерүүлөрдүн (алар ок атышуу тилкесинин өйүзүнөн да, бүйүзүнөн да алынган) үзүндүлөрү, ошол доорго күбөлөрдүн жана алардын урпактарынын жана эсселери, заманбап калемгерлердин олуттуу блогдору, залкар көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн сабактары тууралуу маектер, айрым көркөм жана публицисттик чыгармалардын үзүндүлөрү жарыяланат.

Заманбап маалымат технологиясынын башка да мүмкүнчүлүктөрү колдонулат. Маселен, 1916-жылкы тийешелүү окуялардын орду таасын чагылдырылган жана улам жаңыланып туруучу интернеттик карта, ошондой эле, бул окуяларга баа берүү тууралуу үн, сүрөт, видео камтылган мултимедиялык баяндар жана башка материалдар интернет окурмандарыбызга сунушталат.

Эң башкысы, мындан жүз жыл илгерки окуяларды эскерүү жана аларга акыйкат, калыс баа берүү мүдөөсүндө түзүлүп жаткан “Азаттыктын” атайын интернет куржуну өз окурмандарына да замандаштар менен кеңири баарлашуу жана өздөрүнүн оригиналдуу маалыматтары (текст, үн, сүрөт, видео материалдар) менен ачык бөлүшүү жаатында заманбап интернеттик мүмкүнчүлүктү сунуштайт. Салым кошкондордун ысымдары жарыяланат. Эгерде интернет аркылуу жиберүү кыйынчылык туудурса, анда окурман өз материалын “Азаттыктын” Бишкектеги бюросу жана кабарчылары аркылуу сунуштай алат.

Ар кыл даректерге өз алдынча сересеп салуу аркылуу заманбап окурман кыргызстандык бабаларыбыздын мындан жүз жыл илгерки эрдиктерин жана улуу идеяларын, жетишкендиктерин жана саамалыктарын, азабын жана мүшкүлдөрүн өз алдынча таразалап, өтмүш сабагын үйрөнө алат деп ишенебиз.

Урматтуу окурман, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган, кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуяны чогуу эскерели. Эгер сизде үркүндү башынан кечирген туугандарыңыз, жакындарыңыз тууралуу эскерүүлөр жазуу же сүрөт түрүндө сакталып калса, ата-энеңиздин, чоң ата-чоң энеңиздин айткандары эсте болсо, “Азаттык” радиосу бардык аңгеме-баяндарды жаздырып, коомчулукка жеткирүүгө даяр.

Үркүн тууралуу менин баяным
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00

Байланыш телефонубуз: +996 312 316 155; 0550 512 555

Вотсап номерибиз: +996 550 988 755​

Фейсбуктагы баракчабыз: Kyrgyz Azattyk Unalgysy

Кеңсенин дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 177 Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG