Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Корли: Кыргызстанда дин тутуу укуктары чектелүүдө


Норвегиялык "Форум 18" укук коргоо уюму Кыргызстанда дин эркиндиктери урматталбайт деп эсептейт.

Дин эркиндиктери жаатында иш алып барган уюмдун 4-ноябрда жарык көргөн докладында диний уюмдарды негиздөөдө, каттоодо бир топ тоскоолдуктар түзүлүп жатканы, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү ишмердикти өз көзөмөлүнө алуу аракеттери сынга алынган.

Форумдун жаңылыктар кызматынын редактору Феликс Кoрли "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиктери чөйрөсүндөгү абалга жалпысынан кандай баа берсе болот?

Феликс Кoрли: Өлкө бийлиги кудайга сыйынып, таат окуу үчүн чогулган кишилердин тобу сөзсүз мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш деген талап коюуда. Диний уюм түптөөнү каалагандар үчүн уюштуруучулардын саны ашыкча көп белгиленген. Анан каттоого келгенде айрым топтор, өзгөчө Иегова күбөлөрүнө менен бахаилерге улам бир тоскоолдук түзүлө баштайт.

Мамлекет мусулман жамаатынын үстүнөн көзөмөлүн күчөткүсү келет. Полиция диний жамаат өкүлдөрүнө кол салган учурлар да аз эмес. Ошондой эле "ахмадилерге" тыюу салууну белгилей кетиш керек. Алар өздөрү каалагандай чогулуп, сыйына алышпайт.

Диний көз караштарынан улам армияда кызмат өтөй албаган уландарды кысмактоо учурлары да көп кездешет. Диний адабиятты мамлекеттик цензуранын элегинен өткөрүү, чет өлкөлүк диниятчыларды өлкөдөн чыгарып жиберүү, диний уюмдарга таандык мүлк маселесин да айта кетет элем.

Майнап бербеген аракеттер

"Азаттык": Айрым маалыматтарга караганда, кыргызстандык 200дөй киши "Ислам мамлекети" уюмунун катарында согушуп жүрөт. Сиз өзүңүз да жакында Борбор Азиядагы исламдын радикалдашуу коркунучу тууралуу сөз кылдыңыз эле. Ушундай жагдайда мамлекет коопсуздукту коргошу керек, туурабы?

Феликс Кoрли: Албетте, ар бир мамлекет коопсуздукту камсыздоону максат кылат. Бирок ага жетүү үчүн адамдын укуктарын тебелебеш керек. Тескерисинче, адам укуктарын урматтоо мамлекеттик коопсуздуктун жакшы кепилдиги болот. Жарандар дин тутуу, эркин чогулуу, өз оюн эркин билдирүү укуктарына ээ болгон жерде мыйзамсыз уюмдарды түзүү кыйла татаал.

Экинчиден, бийлик каттоого алынбаган уюм мамлекетке каршы багытталган деп эсептейт. Бирок протестант баптисттерди алсак, алар мурдагы СССРдин аймагында бир да жерде катталгысы келбейт. Алар мамлекетке эч кандай коркунуч жаратпаса да бийлик баптисттерге каршы аракет көрөбүз деп канчалаган каражат, убакыт кетирип жатат.

"Азаттык": Бирок мамлекет алардын чындап эле коопсуздук үчүн зыяндуу эместигин кантип биле алат?

Феликс Кoрли: Чындап эле өтө кооптуу топ кагаздарында антип жазбайт да. Ошол эле баптисттер менчик бир үйлөрдө чогулуп алып, чокунушат, таат окушат, христиандардын ырларын ырдашат, Инжилди окушат. Мунун бардыгы коом үчүн эмнеси менен коркунучтуу?

Феликс Корли
Феликс Корли

Кыргызстан кол койгон эл аралык нормалар боюнча алар эч кандай мамлекеттик каттоосуз эле андайга укуктуу. Бирок мамлекет достору менен менчик үйдө чогулуп, кудайга сыйынуу туура эмес деп санайт. Мындай көрүнүш Кыргызстанга караганда Өзбекстан менен Казакстанга мүнөздүү. Ал өлкөлөрдө тартип коргоочулар, атайын кызматтар, прокурорлор баптисттерге көп асылышат.

"Азаттык": Демек, сиздин пикириңизде, мамлекет диний уюмдарды таптакыр көзөмөлдөбөшү керекпи?

Феликс Кoрли: Диний уюмдар мамлекеттен толугу менен көз карандысыз болууга тийиш. Кайсы бир топ кооптуу болсо, бийлик аны текшерип, ишмердигин иликтөө керек. Эмне үчүн диний уюмдар коркунучтуу эместигин далилдеп туруш керек? Мамлекет чындап эле коопсуздукка коркунуч жараткан, бул дүйнөгө көз карашы башкача болгон адамдарга эмес, зомбулукка үгүттөгөндөргө каршы аракет көрүшү керек.

Чектөөлөр жана эркиндиктер

"Азаттык": 3-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү концепциясы кабыл алынды. Сиз ага жалпы жонунан кандай баа берет элеңиз?

Феликс Кoрли: Дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландарын өзгөчө белгилейт элем. Мыйзам ошентип аталганы менен жарандардын дин чөйрөсүндөгү укуктарын коргобойт. Динзарлар Административдик жаза кодексине сунушталып жаткан алымча-кошумчаларга да камтамасын билдиришүүдө. Алар дин эркиндиктери чектелип калат деп чочулашат.

Мисалы, диний уюмдар гана эмес, ошол уюмдарда иштеген жеке адамдардын да каттоого туруу талаптары катаалдамакчы. Диний билим берген ар бир окуу жайы мамлекеттик комиссиядан лицензия алууга милдеттендирилет. Диний уюм түзүү үчүн азыр 200 киши керек болсо, уюштуруучулардын санын 500гө жеткирүү каралган. Бул региондогу башка өлкөлөр менен салыштырганда кыйла көп.

"Азаттык": Борбор Азиядагы өлкөлөр менен салыштырсак, Кыргызстандагы диний абал кандай деп ойлойсуз?

Феликс Кoрли: Кыргызстанда өзгөчө Өзбекстандагыдай болуп дин эркиндиги бийлик тарабынан анча чектелбегенин айтуу керек. Өзбекстанда динзарлардын укуктарын бузуу зомбулук, кол салуу учурлары менен көп коштолот. Абактарда отургандар, айып пул салынгандар четинен жолугат.

Казакстанда да диний көз караштары үчүн айып пулга жыгуу, ар кыл чектөөлөр, диний адабиятты цензуралоо кеңири жайылган. Бирок мунун себеби Кыргызстандагы мамлекеттин чабалдыгында. Балким бийлик кошуна өлкөлөрдөгүдөй чектөөлөрдү киргизгиси келет, бирок жер-жерлерде көзөмөлү анча күчтүү эмес.

"Азаттык": Балким кеп чабалдыкта эместир. Кыргызстан ошол эле авторитардык Өзбекстанга караганда алда канча демократиялуу өлкө да?

Феликс Кoрли: Ооба. Мисалы, диний көзөмөлдү күчөтүүнү караган алымча-кошумчалар парламентке сунушталса, кээде ошол бойдон жок болот, же бир жерде кала берет. Анан Кыргызстан Өзбекстан же Түркмөнстанга салыштырганда демократиялуу болгондугу үчүнбү же башаламандыкпы, түшүнбөй каласың.

XS
SM
MD
LG